Кыргыз жеринде жана Түркияда эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды

КРнын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кечээ, 8-июлда Түркиянын президентинин аппаратынын басма сөз катчысы Ибрагим Калын менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи кыргыз-түрк кызматташтыгы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жааттарда жогорку деңгээлде болуп жатканын белгилеп өттү. Ошондой эле эки тараптуу диалог президенттердин иш сапары менен коштолуп, жолугушуулар байма-бай уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Тараптар кыргыз-түрк мамилесинин азыркы абалын талкуулап, кыргыз жеринде жана Түркияда эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүүнү сүйлөшүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан