Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды болтурбоо сүйлөшүлдү

Кечээ, 8-июлда Тажикстандын Исфара шаарында чек ара маселелери боюнча кыргыз өлкөсү менен Тажикстан Республикасынын расмий өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ага КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин башчысы Ражабали Рахмонали катышты.

Маалыматка караганда, тараптар 6-июлда Баткен облусунун Көчө-Карын айылында орун алган жаңжал сыяктуу чек ара чырларын кайталабоо жолдорун талкуулашты. Ошондой эле чек араны коргоодо курал колдонбоо жана чек арачыларга эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери тууралуу маалымат берүү айтылды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан