Бүгүн, 9-июлда президент
Алмазбек Атамбаев Башкортостандын борбору Уфа шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчы анда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат. 2 күнгө созулган иш сапарынын алкагында Атамбаев Иран өлкөсүнүн башчысы
Хасан Роухани жана Ооганстандын башчысы
Ашраф Гани менен жолугушмакчы. Саммит 8-июлда башталган.
Айта кетсек, президенттин иш сапары менен бүгүн түшкө жуук учуп кетүүсү пландалган эле. Бирок бир тууган агасы
Калыйбек Шаршенов 8-июль күнү кечке жуук
каза болгондугуна байланыштуу иш сапары кечки убакытка жылдырылган. Калыйбек Шаршеновдун сөөгү бүгүн өзү жашап келген Аламүдүн районундагы
Арашан айылына коюлду.