Кыргыз мамлекетине тамчылатып сугарууга керектүү желим куурларды чыгаруучу завод курулушу мүмкүн

Кыргыз мамлекети Кытай менен айыл чарба тармагында 5 багыт боюнча кызматташат. Муну айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге шилтеме берүү менен аталган министрлик 9-июлда кабарлады. Министр Кытайга иш сапар менен барганда Гансу провинциясынын Компартия катчылыгынын башчысынын орун басары Чжан Баоцзюнь жана губернатордун орун басары Ян Цзисинь менен жолугушканы айтылды. Тараптар айыл, суу чарбасы, илим жана тажрыйба алмашуу, тамчылатып сугарууга пайдаланылган желим куурларды чыгаруучу завод куруу тууралуу сүйлөштү. 
“Ганьсу провинциясында эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандум түзүү тууралуу сүйлөшүлдү. Жакынкы күндөрдө Кытай тараптан Кыргыз Республикасына кат келет. Эгер меморандумга кол коюлуп калса, кыргыз өлкөсүнүн Агрардык академиясынын студенттери Кытайдан билим алышат. Жаңы сортторду, үрөнчүлүк, жаңы технологияны өздөштүрүү боюнча тажрыйба алмашабыз. Ошондой эле полиэтилен түтүктөрүн чыгаруучу завод куруу тууралуу сунуш айтылды. Келишимге кол коюлгандан кийин бул иштерди алдыга жылдырабыз”,- дейт Айдаралиев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан