Өкмөт башчы тиешелүү органдарга Бишкекке жаңы стадион куруу боюнча атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырды

3-июлда өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо боюнча жыйын өттү. Анда өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги, Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитети биргеликте даярдаган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо планы талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Сариев аталган стадионду тезинен оңдоо зарылдыгын билдирип, 16-июндагы Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы беттеште жаралган кырдаал муну далилдегенин белгиледи.

“Акыркы оюндар бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыкты. Бишкектеги стадион көпчүлүк стандарттарга  жооп бербей турганы белгилүү болду. Муну менен катар футболдук мелдешти уюштурууда Спорт агенттиги менен Футбол федерациясынын ортосунда байланыш болбой, көптөгөн кемчиликтерге жол берилген. Мындан соң өткөндөгүдөй кырдаал жаралбашы керек”,- деди Темир Сариев.

Муну менен катар Дене тарбия жана спорт агенттигинин жаңыдан дайындалган директору Шейшенкул Бакировго агенттик өз саясатын түп-тамырынан бери карап чыгып, өзгөртүшү керектигин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо планы талкууланды. Ага ылайык, республикалык бюджеттен 8 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка стадиондун газону алмаштырылып, коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн айланасындагы дубалдар жогорулатылмакчы. Муну менен катар күйөрмандардын агымын жөнгө салуу үчүн стадиондун кириш-чыгышына атайын турникеттерди жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу каралган. Бул планды ишке ашыруу үчүн Каржы министрлигине керектүү каражатты бөлүп берүү жана өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен Бишкек шаардык мэриясына тапшырмалар берилди.

Дене тарбия жана спорт агенттиги, Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион заманбап талаптарга жооп бербегендиктен, Бишкек шаарынын айланасында жаңы стадион куруу зарылдыгын белгилешти. Аны ишке ашыруу үчүн 100 миллион доллар керектелерин жана ал ири спорттук комплекс болуп, спорттун бир нече түрү менен машыгууга мүмкүндүк түзөрүн демилгечилер билдиришти. Муну менен 30 миллион долларга бааланган 25 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган футболдук стадион куруу боюнча экинчи план да сунушталды.

Сариев жаңы стадион куруу маселесинин орундуу экенин белгилеп, тиешелүү органдарга жаңы стадионду куруу боюнча атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан