Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча даярдыгы текшерилди

Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу шартындагы чек араларды ачууга даярдык боюнча жыйын өттү. Ага Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык маселелерди жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. 

Корешков Кыргыз Республикасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди дээрлик аткарганын, айрым гана маселелерди тактоо керектигин билдирди.

Корешков жетектеген Евразия экономикалык комиссиясынын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу боюнча даярдыгын текшерип, өлкөдөгү бажы, чек ара, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык өткөрмө пункттарынын даярдыгы, иши менен таанышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан