Тайырбек Сарпашев Баткенде биометрикалык маалымат топтоонун жыйынтыгын укту

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 13-июлда Лейлек жана Баткен райондорунун активдери менен жолугушту. Лейлектин акими Тилеберди Арипов жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоонун экинчи этабынын жүрүшү тууралуу айтты. Анын билдиришинче, райондогу 16 жаштан жогорку жарандардын 93 пайызы өздүк маалыматтарын тапшырышты. Сүлүктү шаарында калктын 65 пайызы, Баткен районунда калктын 75 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырышканы айтылды. 
Сарпашев жергиликтүү бийлик башчыларына 20-июлдан 30-августка чейин жарандарды биометрикалык маалыматтары менен идентификациялоо боюнча масштабдуу тестирлөөдөн өткөрүү боюнча тапшырма берди. "Ар бир райондон 10 миңден кем эмес адам тестирлөөдөн өтүшү керек, жалпы республика боюнча 400 миңдей адам өтүшү зарыл",- деп билдирди Сарпашев.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан