Жолугушууда Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн гуманитардык жана прикладдык илимдер мектеби менен өнүктүрүү жогорку мектебинин кампустарынын курулушунун жүрүшү талкууланды. Уюмдун өкүлү төрагага аталган окуу жайдын кампусунун курулушу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, объекттин курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлмөкчү. “Биз 2016-жылдын сентябрынан тартып абитуриенттерди кабыл алууну пландаштырып жатабыз”,- деп билдирди өкүл.
“Аталган долбоорду ишке ашыруу мамлекеттин билим берүү жаатындагы потенциалын күчтөндүрөт жана өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен чогуу жалпы Нарын облусунун ички түзүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөкчү болот”,- деди Жээнбеков.
Мындан сырткары жолугушууда Кыргыз Республикасында жарандык коомду өнүктүрүү жана өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу пикир алышуу болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.