Түндүк-Түштүк жолунун курулушун каржылоо боюнча дагы бир макулдашуу ратификацияланды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз жериндеги Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун (Арал-Казарман тилкеси) каржылоо боюнча кыргыз өкмөтү менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Документти парламент 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алган. 
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине аталган алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик бардык ички процедураларды Кыргыз Республикасы аткарганын Кытай тарапка билдирүү милдети жүктөлдү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан