Украинанын Түркиядагы консулу Путиндин сүрөтү бар футболка кийгени үчүн иштен айдалды

Украинанын Түркиядагы ардактуу консулу Левент Айдын коомдук иш-чаралардын бирине Орусия президенти Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип барганы үчүн иштен айдалды. Бул тууралуу 13-июлда Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жарыялап: "Левент Айдын көптөгөн украиналыктарга жардам берди, бирок бул принциптин маселеси. Мен анын Украинанын ардактуу консулу кызматындагы ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алдым",- деп билдирди. 
Эскерте кетсек, 7-июлда Левент Айдын түркиялык футбол клубдарынын бири менен үч жылдык келишим түзгөн Камерундун футболчусу Самюэль Это`онун презентациясына катышкан. Анда консул көкүрөгүндө Путиндин сүрөтү жана "Сылыктык - биздин артыкчылык" деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн.   



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан