"Кыргызтелекомго" өз акционерлерин кезексиз жыйынга чогултуу талабы коюлду

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы 13-июлда "Кыргызтелеком" ишканасын өз акционерлеринин баарын кезексиз жыйынга чогултууга мажбурлоо чечимин кабыл алды. Кезексиз жыйынга чакыруу милдети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жүктөлгөнүн аталган фонддон кабарлашты. "Компаниянын Директорлор кеңешинин буга чейин айтылган акционерлерди чогултуу тапшырмасынан негизсиз баш тартуусу акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрүүгө мажбурлоого аргасыз кылды. Кезексиз жыйынды өткөрүү стратегиялык мекемени корпоративдик башкаруунун эффективдүүлүгүн камсыздоо зарылдыгына негизделүүдө. Мындан тышкары Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн толук курамда болбой, мыйзамдын талаптары аткарылбай жатышы себеп",- деп айтылат маалыматта.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан