Каржы полициясы жергиликтүү интернет байланыш операторлоруна мыйзамсыз салык салууда. Муну бүгүн, 14-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө жактоочу Елена Землянская билдирди. Анын айтымында, аталган орган мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында бир жолку салыктарды пайда кылып жатат.
“Мамлекеттик салык кызматы, Каржы полициясы жана башка органдар менен учурда 9 оператор соттошуп жатат. Мунун айынан биздин жумуш токтоп калып, бюджетке олчойгон суммалар бөлүнбөй калат”,- деди жактоочу.