Таиландда коррупциялык кылмыштар үчүн өлүм жазасы киргизилди

Таиландда ири суммада пара алган же бергендер эми өлүм жазасына тартылат. Мындай чара мамлекеттик жана саясий кызматкерлерге, чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрдө эмгектенген жарандарга, өлкөнүн жарандарына жана Таиландда иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө тиешелүү. 

Аталган өлкөнүн "Коррупция менен күрөшүү жөнүндө" мыйзамына кирген толуктоолор тууралуу 14-июлда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, Таиланддын чиновниктери, башка мамлекеттин же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү "кызматтык милдетин аткарбоого же бирөөнүн ишин атайын аткарып берүү үчүн пара алса, же акча талап кылса, жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы бир активдерди алууга макулдашса, 100 миң баттан 400 миң батка (бат - Таиланддын акча бирдиги) чейин (13 миң долларга чейин) айып пул төлөйт. Эгер ири суммада пара алган болсо, өмүр бою эркинен ажыратылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан