Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы менен чек арадагы кырдаалды сүйлөштү

Президент Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев бүгүн, 14-июлда мамлекеттик чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Чек араны коргоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу мамлекет башчыга маалымат берилгенин президенттик аппараттан билдиришти. 
Дүйшөнбиев коңшу мамлекеттердин чек ара кызматтары жана чек арачылары менен кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз-тажик чек ара бекеттеринин башчылары биргелешкен машыгууларды өткөрүү тууралуу айтып берди. Мындан тышкары айрым чек ара тилкелериндеги инженердик курулмалардын ишине байланышкан маселелер талкууланды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан