Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү 2222 мектептин жана 806 бала бакчанын абалын текшерген. Бардык мекемелер коопсуздугу боюнча төмөн, орто жана жогору деп бааланып, быйылкы жылы капиталдык оңдоп-түзөө иштерин максималдуу түрдө күчөтүү боюнча чечим кабыл алынган. Бул тууралуу 13-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Республика боюнча авариялык абалдагы мектептердин саны 200дү түзөрү айтылды.
"Кадамжай районунда азыркы убакта жаңы курууну талап кылган 2 мектеп жана толук реконструкцияны талап кылган 4 мектеп бар. Премьер-министр Темир Сариев жакында жумушчу топтун жыйынында авариялык абалдагы мектептердин тизмегин жергиликтүү бийлик органдары менен бирге салыштырып текшерүү ишин Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигине тапшырган. Жакында жаңы куруу жана оңдоп-түзөөнү талап кылган авариялык абалдагы мектептердин акыркы толукталган тизмеги күтүлүүдө",- деп билдирет министрлик.