"Балдарымды эркин тарбиялаганга аракет кылдым, аларга "андай бол, мындай бол" деп кайсы бир адистикти таңуулабайм. Бүгүнкү күндө өздөрү тандаган кесип менен иштеп жатышат, алардын саясатчы болом дегенин уга элекмин, өздөрү билишсин",- дейт Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков. Бул тууралуу 14-июлда парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Төрага саясатка келип эркиндигин жоготконун айтат.
"Эркиндик жок, үйүңдө гана үй-бүлөң менен болосуң. Түнкү саат 12-1ге чейин иштеген учурлар болот, эртең менен эрте кеткен учурлар көп дегендей, бала-чакаңды деле көрбөй каласың. Сыртка чыкканда элдин көзөмөлүндө болосуң, анан эч качан жалгыз болбойсуң. Эртең менен жумушка барасың, кечинде кайтасың, кылганың да, ойлогонуң дагы жумуш. Бирок бул Кудай берген сыноо, муну ар бирине бере бербейт. Ошол кызматты абийир менен аткарып кетсем чоң жетишкендик болот",- дейт төрага.
Асылбек Жээнбеков спортко болгон мамилеси тууралуу буларга токтолду. "Спорт менен жаш кезде активдүү машыккам, “боевое самбо”, “восточное единоборство” менен машыккам. Азыркы күндө андай мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнкү күндө жөө басам, велосипед тебем. Анан сууда сүзгөндү жакшы көрөм. Тамеки тартып, арак ичпегеним үчүн 1,5-2 саат тынбай сүзүп жүрө берем".