Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-турунда 2441 абитуриент бюджеттик орунга илинди

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру аяктады. Билим берүү жана илим министрлиги 14-июлда билдиргендей, 1-турдун жыйынтыгы менен гранттык орундарга 2441 абитуриент кабыл алынды. Муну менен гранттык орундардын 47 пайызы толгону айтылды. Кабыл алуунун экинчи этабында 2418 гранттык орунга абитуриенттер кабыл алынат. "Гранттык орундарга кабыл алуунун негизги критерийи - эмгек рыногунун талабын эске алуу",- деп билдирди министрлик. Бюджеттик орундар үчүн жалпы 25 135 абитуриент ат салышканы маалымдалды. 2-тур 19-июлга чейин улантылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан