LG G4 смартфону - жагымдуу жайды эсте калтыруу үчүн!

Сиз саякатка барууга камданып жатасызбы? Андай болсо LG G4 смартфонуна көңүл буруңуз. Жайдын жагымдуу күндөрү бат эле өтүп кетет, ал эми LG G4 смартфону сиздин бактылуу көз ирмемдериңизди эске салган сүрөттөрүңүздү сактап калат (3 GB оперативдик жана 32 GB өзүнүн эс тутуму).

Бүгүнкү күндө сүрөт тартуу чеберчилиги менен баары алектенүүдө. LG G4 смартфону сүрөттү жогорку сапатта тарта алат. Ишенбейсизби? LG G4 смартфону - камерасынын диафрагмасы F 1.8 көлөмдө болгон алгачкы смартфон. Ал сүрөт тартууда “күзгү” сыяктуу иштейт. Айрым объектилердин дааналыгын көрсөтүп, ал эми айрымдарынын, тескерисинче, тазалоочу эффекти бар. Объективдин жарыгынын жардамы менен кечки убакыт аралыгында же концерт, клубдун ичинен да жагымдуу сүрөттөрдү тартууга мүмкүн. Андан сырткары камеранын дагы бир катар кошумча функциялары бар. Мисалы, көркөмдөөчү эффект менен сүрөткө көрк кошууга болот.  

Фотоаппаратты күйгүзүп же камераны тууралоо керекпи? Мындан оңой эч нерсе жок. Камеранын лазердик автофокус функциясынын жардамы менен LG G4 смартфону ар кандай жарыкта фокус ала алат. Ал эми OIS 2.0 оптикалык стабилизациясынын жардамы менен кыймыл учурунда да тартылган сүрөт даана тартылат.  

Фронталдык 8 мегапиксель камерасы бар бул гениалдуу смартфон селфиге түшүүнү жактыргандардын сүймөнчүгү. Сүрөткө түшүү процессин эми оюн сыяктуу элестетсеңиз болот. Кошумча функциялардын жардамы менен сүрөткө колдун атайы белгиси менен, же акыркы сүрөттү кол менен издебей, колдун кыймылы менен эле көрүүгө мүмкүн.

Жаңы календарь, аны менен сиз эч нерсени унутпайсыз, галереянын интерфейси - анда бир да сүрөт жоголбойт. Жаңы дизайн - смартфондун арткы корпусу толугу менен таза булгаарыдан жасалган! Ал эми жаңы Smart FAQ функциясынын жардамы менен сиз жашооңузду оптималдаштырып, баарына жетишип жана сизге гана керектүү маалыматтарды ала аласыз.

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jyrgalbek
2015-07-15 15:58:52
Баасы канча?
0
Bakyt_007
2015-07-15 16:12:30
700$ аймагында...
-2
Bek94
2015-07-15 16:46:16
Аябай жакшы смартфон экен
+2
AFFANCULO
2015-07-15 18:08:17
Ушул телефон жакшыбы же айфон с6ейдж жакшыбы? билгендер жазып койгулачы! баасы бирдей эле экен экоонун
-1
Nur1k_
2015-07-16 02:25:46
AFFANCULO, самсунг с6 эйдж дүйнө жүзүндө эң быстрый смартфон экен. Изилдешти да. С6 эйдж эле ал
+2
uragan007
2015-07-15 22:46:45
NOKIO 1100 эн жакшы тел
+6
Jakykg
2015-07-16 12:20:34
samsung эн жакшы
+2
hairullo
2015-07-16 14:55:50
Сомсунг Айфонду туурап чыгарат. Нокио абройун жоготуп алды.
0
jamilya03
2015-07-16 16:03:00
самсунг с6 эйдж баасы канча билгендер жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан