Ак үйдөн "Данияр Нарымбаев кармалды" деген маалымат жалган деп билдиришти

"Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев коррупция боюнча кармалды" деген маалыматты Ак үйдөгү жеке булактарыбыз четке кагышты. Маалыматка таянсак, Нарымбаев азыркы учурда жумуш ордунда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды. Депутат кесиптеши, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берем деп экс-мэрдин жакындарынан 200 миң доллар талап кылган. Аталган сумманын жарымын алып жатканда кармалып, учурда сурак берүүдө. Суракта депутат бул ишке президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Д.Нарымбаев кармалганын, учурда суракта экенин Вести.KG жарыялаган эле.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан