Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Өзгөчө кырдаалдар жана табият кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу боюнча борбор түзүү тууралуу" макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2013-жылы Алматы шаарында кол коюлуп, тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик бардык процедуралар Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Казакстан тарапка кабарлоо милдети жүктөлдү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.