Бүгүн, 16-июлда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Испаниянын Барселона шаарынын вице-мэри Антони Вивес Томас менен жолугушту. Мэриянын билдиришинче, жолугушунун максаты - Бишкек жана Барселона шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.
Кулматов шаардагы муниципалдык ишканалардын аткарган жумуштары туурасында маалымат берди.
“Бишкек шаарынын тургундарын коомдук транспорт менен тейлеген 44 компания бар. Бизде жүргүнчү ташуучу унаалар боюнча маселебиз деле жок. Болгону коопсуздук жагын карашыбыз керек. Жаңы троллейбустарды сатып алганы жатабыз, баасы 200 миң долларды чапчууда”,- деди мэр.