Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү” долбоорун ишке ашыруу максатында гранттык каражат алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарлоо милдети тапшырылды
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.