Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов менен жолугушуп, президентке шайлоо системин өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
БШКнын башчысы күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо, шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү жана ачыктык үчүн добуштарды эсептөөнүн электрондук системин киргизүү аракеттери тууралуу айтты.
Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого сапаттуу даярдык көрүлүшү керектигин, шайлоону адилеттүү өткөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи.