Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 5 жыл ичинде 158 жыйын өткөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев Бишкектеги мектептердин мугалимдери менен жолугушууда билдирди.
“Билим берүү жаатындагы мыйзам базасы бүгүнкү күндүн көптөгөн талаптарына жооп бербейт. Бизде орто жогорку билим берүү, ЖОЖдон кийинки билим берүү жөнүндө мыйзамдар жок, бул багыттар боюнча мамлекеттин мамилеси чачкын”,- дейт Осмоналиев.
Депутаттын билдиришинче, 5 жыл ичинде комитетке 159 мыйзам долбоору келип түшүп, алардын 137си каралып, 22си кайра чакыртылып алынган. Алардын ичинен 92 мыйзам долбоорун өкмөт, 68ин депутаттар демилгелешкен. 48 мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатына, 15и интеллектуалдык менчикке, 8и дин чөйрөсүнө, 9у спорт тармагына тиешелүү экени айтылды.