Жыйында алдыга коюлган пландын аткарылышы талкууланды жана сунуштар айтылды. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов Маданият, туризм жана маалымат министрлиги буга чейин райондордун борборлоруна кыргыз китептерин сатуу боюнча бөлүмдөрдү ачуу иштерин толук аткара электигин сынга алды. Мамлекеттик кадр кызматына келген кайрылууларга жооптор кыргызча берилбей жаткандыгы жөнүндө арыздар бар экенин кошумчалады.
ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин өкүлү кыргызча 26 кесиптик багыт боюнча китеп чыгаруу планы коюлганын, азыркы күндө 24 окуу китеби даярдалганын айтты. Айрым катышуучулар жогорку окуу жайлардын студенттери пайдалана турган китептерди кыргызчалатуунун зарыл экенин чечмелеп беришти. Алардын билдиришинче, 2-курстан кийин студенттер кыргызча окуу китептеринин жоктугунан улам орус тайпаларына которулуп кетип жаткан жагдайлар көп болууда. Натыйжада, 5-курста кыргыз бөлүмдөрү дээрлик жок болуп чыгары айтылды.
“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программада белгиленген милдеттерди
өз деңгээлинде аткарабыз”,- деген депутат Чыныбай Турсунбеков жыйында айтылган сунуштардын үстүндө иштөөнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.