ЕАЭБ алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган "Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө" макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 16-июлда президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Ушул мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууга кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразиялык экономикалык комиссиясына депонирлөө милдети тапшырылды.

Бул мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык  биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө киргенден тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан