Президенттик аппараттын башчысы
Данияр Нарымбаев президент
Алмазбек Атамбаевге кайрылып, кызматтан убактылуу бошотуп турууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, кечээ 100 миң доллар пара менен кармалган депутат
Хажимурат Коркмазов бул ишке Д.Нарымбаевдин да катышы бар экенин
айткан эле.
"Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовго карата козголгон кылмыш ишин иликтөөгө жана маалымат булактарында менин кармалышым тууралуу маалыматтын пайда болушуна байланыштуу айтылып жаткан айыптоолорго катыштыгым жок экенин билдирем. Муну менен бирге тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүүм тууралуу шек жаралбасы үчүн мени тергөө мезгили учурунда президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетип турууңузду суранам",- деп билдирет Нарымбаев.