Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 16-июлда кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Нарымбаев бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, кызматтан убактылуу бошотуп турууну суранды.
Айта кетсек, кечээ 100 миң доллар пара менен кармалган депутат
Хажимурат Коркмазов бул ишке Д.Нарымбаевдин да катышы бар экенин
айткан эле.