Бүгүн, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын жаңы түзүлгөн 708-аскер бөлүгүнө өз каражатынан 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Гвардиянын полковниги Таалайбек Мырзабаевдин айтымында, аталган каражат аскер бөлүгүнө керектүү техникаларды алууга жумшалат.
“Учурда 708-аскер бөлүгүндө 200 жакын жоокер бар. Келечекте анын курамын 1000 аскерге жеткирүү пландалган. Муну менен катар америкалыктардан калган 30 миллион долларлык материалдык мүлк бар. Техникалар өкмөт тарабынан аскер бөлүктөрүнө таратылып берилет. Биз ошондой эле жарым миллиондон ашык сомго казармаларды, ашканадагы жабдыктарды жаңыртып жатабыз“,- деди полковник.