“Айдоочудан пара талап кылган жол-кайгуул кызматкерлерин түп-тамыры менен жок кылуу керек”. Мындай пикирин бүгүн, 21-июлда ИИМге караштуу жаңы имараттын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Президенттин айтымында, ар бир милиция кызматкерине талапты күчөтүү керек.
“Бир кумалак бир карын майды чиритет” деген сөз кыргызда бекеринен айтылган эмес. Паракор милиция кызматкери таза иштеген күч органдарынын аброюн түшүрүүдө. Жакында жол-кайгуул кызматкеринин айдоочудан 5000 сом пара талап кылганы буга мисал. Бул окуя боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма бердим. Аталган инспекторлорго бардык чаралар көрүлүшү зарыл.
Грузияда жол-кайгуул кызматкерлерин толугу менен жумуштан кетирип, жаңы кадрларды алышкан. Мындай аракет эки ирет кайталанган, анткени коомчулук күч органдары жөнүндө ой-пикирин атайын багыттагы жоокерлерден эмес, күндө кезиккен МАИчилерди, участкалык милиционерлерди көрүп түзөт. Ошондуктан тазаланууну дал ошолордон баштоо керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.