Кыргыз мамлекети менен Араб Эмираттарынын кылмыш иштери боюнча укуктук жактан жардам көрсөтүү келишими ратификацияланды

Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 7-декабрында Дубайда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын кылмыш иштери боюнча укуктук жактан жардам көрсөтүү" келишимин ратификацияоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 21-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкө менен ратификацияланган грамоталарды алмашуусу керек. Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан