“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын “Жарык шаар” долбоору “Жарык өлкөгө” айланды. Себеби Бишкек шаарында башталган долбоор жалпы республикага тарап, учурда Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Лейлекте атайын түнкү чырактар орнотулуп, кезекте Каракол жана Кызыл-Кыя шаары турат.
Айта кетсек, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев май айында Бишкек шаарында өткөн съездде калааны коопсуз шаарга айландыруу максатында “Жарык шаар” долбоору иштеп жатканын эске салган эле. Андан сырткары ал өз сөзүндө 300 миң адамдын үйү жарык менен камсыз болорун кошумчалаган. Долбоор кыска убакытта ишке ашып, учурда 100 миң адам жарык шаарда жашап калды.