Эльза Ким, “Александра” брендинин негиздөөчүсү: “Ишкерликти халат тигүүдөн баштагам”

Биздин бул жолку «Ийгилик сыры» рубрикабыздын коногу - Кыргызстанга таанымал кийим тигүүчү “Александра” компаниясынын негиздөөчүсү Эльза Ким. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен жылдардан кийин элибиз кайсы бир кутюрьеден кийинмек тургай, арзан баадагы кытай кийим-кечелерине жетпей кыйналган. Ал заман өттү. Көпчүлүктү кийим менен камсыз кылган кыргызстандык ишмер-уздар пайда болду. Ошолордун бири - “Александра” брендинин негиздөөчүсү Эльза Ким. Талыкпаган эмгектин аркасынан учурда аталган ишкана чыгарган кийимдер заманбап мода дүйнөсүнүн эң популярдууларынын катарын толуктайт. Бирок анын бул деңгээлге жетиши оңой-олтоң болбогонун Эльза айым баяндап берди.

Эльза Ким:

Туулган жылы – 1957-жыл, 28-январь

Туулган жери – Казакстан, Кызыл-Ордо шаары

Билими – Москвадагы Инженердик техникалык институтту аяктаган

Хоббиси – Жок, себеби убактысы тартыш

Кыялы – "Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулса" деп кыялданат

Улуту – Корей

- Саламатсызбы, Эльза айым! Сөздүн башы сиздин бала чактагы кыялдарыңыз менен башталса деп турам...

- Рахмат, жакшы болот. Кичинемде мээрман айым болсом дечүмүн. Бирок мектепте сабак окугум келчү эмес. Уюштуруучулук жагына жакын болгондуктан, кандайдыр бир топту түзө калып, ошону жетектеп, жаңы идеяларды айтканды жакшы көрчүмүн. Ошондон улам, балким, бизнес жагына ыктап, жетекчи болуп калсам керек. Уюштуруучулук, башкаруу тууралуу китептер ал убакта өтө аз эле, ага карабай издеп таап окучумун.

- Казакстандан Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?

- Мектепти бүткөн соң 1985-жылы Москва шаарына окууга барып, инженер-механик кесибине ээ болдум. Андан кийин, тагдыр экен, кыргызстандык жигитке турмушка чыктым. Ошентип, биротоло кыргыз жергесинде калып калдым.

- Кыялыңыздагы мырзага турмушка чыктыңызбы?

- Ар бир эле жаш кыз сыяктуу мен деле ак боз ат минген ханзаада тууралуу көп кыялданчумун, бирок баары биз ойлогондой боло бербейт да. Жашоо ошонусу менен кызык эмеспи. Кудайга шүгүр, азыр 2 балам бар, жолдошум экөөбүздүн бирге жашаганыбызга 27 жылдын жүзү болду.

- Турмуш жолуна жаңы аттанганыңызда өйдө-ылдыйлар да болсо керек.

- Албетте, башында абдан кыйналдым, башка эл, башка салт. Анан да “эркек бул нерсени кылса жарашат, аял кишиге мындай кылууга болбойт” деген түшүнүк жашайт эмеспи. Андан сырткары кайнененин өзүнүн мыйзамдары бар дегендей. Ошентип, башында жакшы эле кыйналдым, баягы мен эңсеген ханзаада жок. А бирок баарына чыдап, кыялымдагы ханзааданы өзүм тарбиялап алдым десем болот (күлүп).

- Кеп нугун сиздин мода тармагына келип калууңузга бурсак, кийим тигүү идеясы кайдан пайда болду эле?

- Бишкекке келгенде сүлгүлөрдү тигүүчү ишканада иштеп калдым. Айлык маянанын ордуна сүлгүлөрдү берип койчу эле, аларды сатып күн көрчүбүз. Бирок дайыма ак түстөгү сүлгүлөр өтпөй калчу. Анан акча керек болгондо алардан халат тиге баштадым. Апам аларды борборубуздагы Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишине алып чыгып сатат. Бара-бара акча чогултуп, өзүбүз тигүүчү ишкана ачууну көздөдүк.

- Демек, турмуш аргасыз кылган турбайбы?

- Ошондой десе да болот. 1993-жылы менде “башкалардан менин эмнем кем?” деген ой пайда болду. Үйгө 2 тигүүчү машина алып келип, эркектердин шымын тиге баштадык, кийин аялдарга арналган шымдарды, юбкаларды, көйнөктөрдү тигип, бара-бара чоң ишканага айланды.

- Ал кийимдердин үлгүсүн ким ойлоп тапчу?

- Мен тигүүчүлүк кесибине окуган эмесмин, бирок бир нерсени катуу эңсеген адам токтоп калбайт экен. Базардагы кийимдерди көрүп, ар кандай журналдарды күнү-түнү талбай карап чыкчумун. Анан элге эмне керек экенин билген соң үлгүлөрдүн баарын өзүм ойлоп таба баштадым. Өзүмдү өзүм окуттум десем да болот.

- Ишканаңыздын “Александра” аталып калышы эмнеден улам?

- Апамдын аты Александра болсо да, тааныгандардын баары эле Шура дешчү. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп, ишкананы апамдын атынан атоону чечтик, себеби мен кыйналып жүргөндө апам чоң жардам берди.

- Ишкананы жолго салууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

- Кыйынчылыктар ар дайым болуп келген, азыр деле болот. Кээде тиккен кийимдерибиз таптакыр өтпөй калган күндөр да болгон. Анан да салык жагынан абдан эле кыйналгам. Ачык айтып коёюн, ал учурда салык төлөчү эмесмин (күлүп). Кыйынчылыктарды жеңүүдө жолдошумдун берген жардамы да чоң.

- Абдан кыйналган учурда баарын таштап басып кеткиңиз келген күндөр болду беле?

- Жок, менде андай жаман ойлор эч качан болгон эмес. Ар кандай кыйынчылыкты мен сулуулук менен жеңип келгем жана жеңе берем деп ойлойм. Себеби ар бир тиккен кийимдерибизди кооз кездемелерден жасап сатып, алуучулар кубанып, бактылуу болуп турганын көрүп, бардык кыйынчылыктарды унутуп калчумун. Сулуулукту көргөн сайын улам алдыга умтулуп, андан дагы кооз нерселерди жараткым келип калат.

- Кыйынчылык демекчи, чоң бир ишканада эмгектенген жумушчуларды башкаруу оңой болбосо керек. Жазалоонун кандай ыкмасын колдоносуз?

- Мен күн өткөн сайын кызматкерлерге мамиле кылуу тууралуу көп нерселерди үйрөнүп жатам. Биз азыр интеллигенттүү түрдө башкарганды үйрөнүп калдык. Эгерде бир кызматкер ишке туура эмес мамиле кыла турган болсо, биринчи эскертүү беребиз, ага да болбосо анда айлык маянасынан кыскартууга туура келет.

- Өзүңүздү катаал жетекчимин деп ойлойсузбу?

- Жетекчи болгон соң катуу болгонго туура келет. Кээде бир кызматкер ишин так аткарбай коё турган болсо, ал бардык кызматкерлерге, бүтүндөй ишканага таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Андай учурда кызматкерди жумуштан кетиргенге чейин барабыз.

- Сиздин бул ишиңизди алып кетчү мураскерлериңиз барбы?

- «Александра» ишканасынын бардык иши улуу балама жүктөлгөн. Ал кийимдерди чыгаруудан баштап, алардын сатыкка чыгуусу, бутиктердин иштөөсү сыяктуу бардык ишти өз мойнуна алган.

- Көптөгөн атаандаштардан эмнеңиздер менен айырмаланып же өзгөчөлөнүп турасыздар?

- Бизде классикалык кийимдер көп болгондуктан, өзүбүзгө караштуу кардарларыбыз бар, башка кийим дүкөндөрүн карасаңыз, стили такыр башка кийимдерди сатышат, а биз болсо классикалык кийимдерге басым жасайбыз. Ошондой эле азыр жаңы стиль ойлоп таап жатабыз, башкача айтканда, “Александра” деген бренддин өзүнө гана тиешелүү болгон стиль деп айтсам болот. Ага жай айларында күбө боло аласыздар.

- Ал эми коомчулук менен байланышта болуп туруу үчүн кандай аракет жумшайсыз?

- Билесизби, ар бир иште жарнама чоң роль ойнойт, анын сыңарындай, биз дагы ишканабызды жарнамалоо жагын жакшы колго алганбыз. Мисалы, сиздердин “Супер-Инфо” гезитине жарнамаларды көп беребиз. Себеби бул гезиттин окурмандары көп жана дайыма алдыга умтулган гезит. Ошондуктан такай жарнама берүү менен биз ишибиздин алдыга жылышын камсыздап келебиз.

- Кандайдыр бир дизайн ойлоп табууда эмнеден эргүү аласыз?

- Мага, негизи, искусство эргүү берет. Жашоодо искусствого ыктаган адаммын, жакшы сүрөт көрсөм, жакшы ыр уксам да мага чоң дем-күч берип турат.

- Искусство демекчи, театрларга барып турасызбы?

- Азыркы учурда театрларга көп барбай калдым, кээде гана барам.

- Кайда, кантип эс аласыз?

- Азыр убактым абдан тартыш болуп калды. Мурун Кыргызстанды бүтүндөй кыдырып чыксам деп ойлочумун. Кыргызстандын жаратылышы ушунчалык кооз, карасаң көз тойбойт, айтсаң сөз жетпейт. Өзгөчө Жети-Өгүздүн, Арашандын кооздугуна тойбойм. Ал эми Ысык-Көлдү Кыргызстандын бейиши деп айтсам болот.

- Кыргыз элине кандай баа берет элеңиз?

- Мен өткөн революциялардан кийин биздин элди абдан сыйлап калдым, себеби Орусиянын элиндей болуп отуруп алып “Путин мындай, Путин тигиндей” дебестен, элибиз өзү каалаган нерсеге өз күчү менен жете алат, өзү эмгектенет, өзү көтөрүлөт жана кыргыз элим эч качан чөкпөйт. Ушул сапаты менен кыргыздар мага абдан жагат. Бирок борбордук аянтта максатсыз эле убакытты өткөрүп, аянтты кайтарып калгандарды мен колдобойм. Алар иши жок, убактысын баалабай жүргөн адамдар.

- Убакыт сиз үчүн…

- Мен үчүн бул жашоонун ар бир мүнөтү баалуу. Учурда 56 жашка чыктым, бирок алдыда жасалбай калган дагы көп нерселер бар, ошон үчүн мен күлүп калам кээде, “120 жашка чейин жашасам” деп.

- Жаңыдан ишкерликти баштап жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Эч качан эч нерседен коркпош керек. Канчалык адам кагылып-согулган сайын ошончолук бышат, тажрыйба топтойт. Ар дайым алдыга гана умтулуш керек. “”Бул нерсени кылсам туура эмес болуп калабы” деп ойлонбош керек. Идея барбы, аны сөзсүз түрдө ишке ашыруу керек.

- Эмнеге өкүнөсүз?

- Бардык жерде эле эмгек эмес, акча менен бүт нерсе бааланып калганы абдан өкүндүрөт. Ошол эле окуу жайларда коррупциянын күч алганына кейийм, себеби билим алууга умтулган жаштар окууну ойлобой эле, акча менен окуусун бүтүрүүнү ойлоп калгандай. Билими жок адам көп нерсеге жетише албайт.

- Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

- Ийгиликке жетүү үчүн адам эр жүрөк болушу керек. Бир орунда ыңгайлуулукту күтүп коюп отура бербестен, ыңгайсыз абал болсо да алдыга озуп чыгуу, алдыңда чоң муз турса дагы ошону жарып өтүү, ар бир кыйынчылыкты жеңе билүү керек. “Мен бул ишти кыла албайт экенмин, болду” деп эле чөгүп калбастан, уламдан улам алдыга жыла бериш керек. Дүйнөдө эмне кызык болуп жатса, ошонун баарын өзүңө сиңирип алганды үйрөнүш керек, себеби бул дүйнө кызыктарга абдан бай. Менин ийгилигимдин сыры мына ушунда.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

- Сиздерге да чоң рахмат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
adalsvards
2013-02-27 13:57:24
Маек кызыктуу болуптур.
0
balshirin
2013-03-03 01:17:10
мээнеттен качпаш керек жана ийгиликтин формуласы бул аракет деген ойду баарыбыз тушунушуубуз зарыл.
+1
Шаиста Шатманова
2013-03-04 09:54:39
Өлкөдөгү ыйкы-тыйкыларга көңүл бөлбөй, бийликти, оппозицияны сындап, бардык кыйынчылыктарга ошолорду күнөөлөй бербей, өз иши менен алек болуп ийгилик жараткан адамдарды сыйлайм.
0
Kalpakbai
2013-03-05 08:23:37
кыялы сонун экен Кыргызстан онуккон мамлекеттердин катарынан коргусу келсе
0
Jamalym
2013-08-19 01:25:09
Коптон бери мынчалык кызыктуу маек окуй элек болчум.Озумду абдан женил сезип калдым.Ийгилик ачкычы баарыбыздын колубузда бар,бирок ошол ачкычты туура колдонгон адамга гана ийгилик жылмаят.Баарыбызга ийгилик каалайм!
+1
Bexa9595
2014-02-24 11:18:26
Jamalym, аа
0
merikgz
2013-09-12 14:28:36
“"Путин мындай,
Путин тигиндей” дебестен, элибиз өзү
каалаган нерсеге өз күчү менен жете алат,
өзү эмгектенет, өзү көтөрүлөт жана кыргыз
элим эч качан чөкпөйт"деген создору аябай жакты
бир аз болсо да ,
Кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанып кеттим
+1
tynar92kg
2014-01-05 00:57:55
Булардын кийимдерин кайдан алса болот. Супер - инфо билсенер айтып койгулачы?
0
admin_superstan
2014-01-06 18:56:57
tynar92kg, Киев көчөсү 137А
0
KG_URPAGI
2014-01-14 22:39:12
Корей кызынын Кыргызстан деген мекени менен сыймыктанган пикири абдан жакты, негизи ийгиликтин башаты эмгек, иштоо керек.
+3
syrduu
2014-01-19 23:56:52
ийгилиик сизгеее!!!!!!!
0
Manap_kg
2014-02-22 21:17:24
Ийгилик сизге
+1
kolya121212
2014-03-12 07:28:37
Аябай маанилуу суйлоптур. Рахмат.
+2
jalalabaddynkyzy
2014-03-24 16:41:50
Эн сонун маек болуптур. Эжекебизге ийгилик каалайбыз
0
elif
2014-03-30 06:47:20
Sizge iygilik,jolunuz achik bolsun!
Mende minday suroo jaralip ketti da,ushul sozdordun baarin Elza ayim kirgizca suylodu beken degen ?:) Eger kirgizcha bilgen ishker ayim bolso KRnib nani tuzu suusu aga adal bolsun!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан