Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук борбордук ооруканасы Шамшидин Сүйөркуловдун атын алып жүрөт. Эми ал жердеги оргуманын жанына эмгектин баатырынын айкели орнотулуп, расмий түрдө “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда ачылды. Дарыгерлердин алдында сөз сүйлөп жатып эл өкүлү Шамшидин Сүйөркуловдун ак эмгегине жана басып өткөн жолуна токтолду. Мындан сырткары дарыгерлердин түйшүктүү, бирок сыймыктуу ишине ийгилик каалап, ооруканага партиянын эн белгиси түшүрүлгөн шейшептерди белекке берди.