"100 000 адам"

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын “Жарык шаар” долбоору “Жарык өлкөгө” айланды. Анткени Бишкек шаарында башталган долбоор жалпы жети дубанга тарап, учурда Ош, Балыкчы, Жалал-Абад, Баткен, Лейлек, Каракол шаарларында атайын жанар чырактар орнотулуп, кезекте Кызыл-Кыя шаары турат. Айта кетсек, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев май айында Бишкек шаарында өткөн съездде калааны коопсуз шаарга айландыруу максатында “Жарык шаар” долбоору иштеп жатканын эске салып, 300 миң адам жарыктандыруу менен камсыз болорун кошумчалаган. Долбоор кыска убакытта ишке ашып, учурда 100 миң адам жарык шаарда жашап калды. “Жарык шаар” долбоорунун кызматкерлеринин айтымында, жанар чырактар коюлган аймактардын басымдуу бөлүгүндө тургундар караңгы короодо жашап келишкен. Белгилей кетсек, аталган долбоор тарабынан коюлуп жаткан жанар чырактар акыркы үлгүдөгү, сапаты мыкты, электр энергиясын аз коротуп, өзү күйүп-өчүү касиетине ээ.

Ильяс Туралиев, "Жарык шаар" долбоорунун техникалык директору:

- Бул жанар чырактардын иштөө мөөнөтү 5 жыл. Дагы бир өзгөчөлүгү - фотоэлемент функциясына ээ. Тактап айтканда, түнкүсүн өзү күйүп, күндүз кайра өчүп калат. Ал эми бул электр энергиясын үнөмдөөгө шарт түзөт.

Михаил Михалыч, Бишкек шаарынын тургуну: "Кечкисин кошуналар менен көбүрөөк көрүшө баштадык"

- Алгач партиянын жамаатына ыраазычылык билдирет элем. Жанар чырактарды орнотуу менен мага окшогон кары-картаңдардын, оюнга тойбогон балдардын көзүн ачып отурасыздар. Буга чейин корообуз караңгы болгондуктан, кечкисин баары өз үйүндө болчу, эч ким деле сыртка чыкчу эмес. Эми минтип жарык астында кошуналарыбыз сейилдөөгө чыгышып, бири-бирибиз менен көбүрөөк көрүшө баштадык.

Батма Мамазаирова, Бишкек шаарынын тургуну: "Эми балдарыбыз кечкисин деле короодо ойноп жүрө беришет"

- Чындыгында, корообуз кечкисин жакшы эле жарык болуп калды. Мен ар дайым үйгө кеч келем. Караңгы жолдордон үйгө басып келиш мен үчүн кыйынга турчу. Мындан тышкары короодо ойноп жүргөн балдарыбыздан кыжалат болор элек. Күүгүм кирери менен балдарыбызды үйгө чакырып алчубуз. Эми мындай жарык астында кечке чейин ойноп жүрө беришсе болот. Азыр шаарыбызда короосу жарыктандырылбаган райондор көп эле. Сиздер жакшы демилге көтөрүп жатасыздар. “Жарык шаар” долбоору ар бир короого барышын каалайм. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик!

Ош шаарынын жашоочулары да бул долбоорду өзгөчө кубануу менен кабыл алышты. Анткени мурда калаанын борбордук көчөлөрү гана жарыктандырылып, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында Совет мезгилиндеги сынык, күйбөй калган чырактар турчу. Караңгы киргенде үйлөрдү аралап жүрүү кооптуу болуп, айрымдар кеч киргенде үйлөрүнөн сыртка да чыгышчу эмес. Долбоор Курманжан датка аймактык кеңешинин Түштүк-Чыгыш районунун Исанов жана Петров көчөлөрүнөн башталып, бүтүндөй шаарды кучагына алмакчы. Чырактардын коюлушуна сүйүнгөн шаар тургундары жарык менен кошо көңүлдөрүнүн да жаркыраганын айтып, партияга ыраазычылыктарын билдиришти.

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asyl.jazi
2015-07-31 16:34:14
Баардык эле партиялар ушундай долбоорлордун устундо иштесе, анда жыл сайын шайлоо болуп турганы жакшы. Анткени шайлоо отушу менен эч ким элди ойлобой коюшат. Элдер шайлоо учун керек болуп калышкандай эле мен учун.
+20
Rifle
2015-08-01 13:23:48
Электр энергиянын акчасын ким толоп берет ?
Биз жергиликтуу жаштар ушундай сунуш менен айыл окмотко киргенибизде , светтин акчасын толоого каражат болунгон эмес ."Ар киминер озунордун уйунордон тартып чыксанар кое бергиле , башка вариант жок!"- деп жооп берген .
-2
danik0101
2015-08-02 16:40:55
Rifle, биз да кайрылганбыз. Биздин айылга да коюп берген окмот. Бирок акчасын эл толойт ар бир уйго болгондо 10 сомдон туура келет айына. Баары эле ыраазы.!
+2
Mars55
2015-08-01 19:32:29
быйылкы шайлоо кызык болот окшойт баштагы шайлоолордон
+2
ularik_kg
2015-08-01 20:31:09
Мен ушул партияны шайлайм. Не кылсада кылып атат Шаарды жарыктандырды башка партия журот. Алар жардамда берген жок себеп. Алар октябрга жакын Ун, май, ж.б же комур тушуруп берет
+3
TUMANaka
2015-08-02 11:17:00
Ушинтип акча сарптап парламентке барса, буларын ошол акчасын чыгарып алыш учун барат.
0
ertur
2015-08-05 10:26:19
Таш-Комур шаарына жана Майлуу-Суу шшаарына качан келет, айтып койгула бул жакта деле жакшы эле электорат бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан