Эльвира Сурабалдиева, "Кудайберген" базарынын жетекчиси: "Ийгиликке билим, намыскөйлүк жана өжөрлүк менен жеттим"
Эльвира Сурабалдиева - кыргыздын 36 жаштагы ишкер айымы. 2005-жылы атасы, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди атып кетишкенде ишкер айым 26 гана жашта болчу. Ошондон бери атасы түптөгөн бизнес - "Кудайберген" базарын жетектеп келе жатат. "10 жыл ичинде биздин үй-бүлөлүк бизнеске кимдер гана кол салбады. Мени өлтүрүп кетебиз деп да коркутушту, бут тосушту... Бирок атамдын далай жылдык мээнетин жөн эле бирөөлөрдүн колуна кармата бергим келген жок. Адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жүрүп бизнести сактап калдым",- дейт каарманыбыз.
БИЗНЕС-ЛЕДИ:
Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 23-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Улуу Британиянын Бристоль университети
Жактырган автоунаасы – Мерседес
Уюлдук телефону – "Айфон 6 плюс"
Хоббиси – Китеп окуу
Жашоодогу урааны – "Өзүңө өзүң ишенбесең, ким сага ишенет?"
"Биздин үйдө кыйкырык коштогон жаңжал болчу эмес"
- Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз: улуусу мен, сиңдилерим Аида, Салтанат жана иним Байыш. Атам дайыма "көчтүн башы кайда барса, арты ошол жакка барат" деп үй-бүлөдө тартипти катуу кармачу. Үйдө кыйкырык коштогон жаңжал болчу эмес, атам баарыбызды бетме-бет отургузуп, бири-бирибизге көндүргөн. Атабыз сырттан кирип келип бут кийимдердин чачылып жатканын көрсө, "Ырыскы босогодон башталат. Үйүңдүн ичи ушундай чачылган болсо, өмүрүң да чачылуу бойдон өтөт" деп кеп-кеңешин айтар эле. Бул сөздөрдүн маанисин кийин эс тартып калганда гана түшүндүм.
"Бизнеске күтүүсүз аралаштым"
- 1995-жылы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, эл аралык мамилелер факультетин 2000-жылы аяктадым. Диплом алгандан кийин өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлигинде 1 жылдай тажрыйба топтодум. Андан кийин окуумду Англиядан улантып, 2004-жылы бүтүрдүм да, Бишкекке келгенден кийин Социалдык фонддо иштеп калдым. Көп өтпөй атамды атып кетишип, үй-бүлөлүк бизнести жетектөөгө туура келди.
"Бишкектин ар кайсы жеринде темир-тезек саткандарды атам "Кудайбергенге" чогултту"
- 1993-94-жылдар... Советтер Союзу чачырагандан кийин атам машыктыруучулукту таштап, бизнеске өттү. Жашаган үйүбүздү, Жигулисин күрөөгө коюп, банктан насыя алып, Кызыл-Аскерден жер алат. Ошентип "Кудайберген" базары түптөлүп, атам шаарда темир-тезек сатып оокат кылгандарды "базар ачтым, келгиле, баарыбыз бир жерге отуралы, башында бекер соода кыласыңар" деп бир жерге топтоду. Ал кезде шаарда автоунаа тетиктерин саткан атайын бир түйүн жок болчу. Кыйынчылыктарды атам "баштаган ишин эптей албай койду" деген сөздөрдөн намыстанып жүрүп жеңди.
"Атамды жерге бергендин эртеси бизнесибизге кол салуу башталды"
- 2005-жылдын 10-июнунда атам каза тапты. Лондонго кетип, 8-июнда атама телефон чалып 3 жылга окуумду улантууга грант утуп алганымды айттым. Ошондо эле үнү бир кызыктай болуп калган эле. "Бул жакка эле келбейсиңби, бизнести сен башкарышың керек. Сага ишенем, бул ишти алып кете аласың" деп негедир коштошконсуп сүйлөдү. Таң калдым, Бишкекке барып базарда иштейм деп ойлочу эмесмин. Бул кесирленгендик эмес, болгону чет өлкөдө окуумду улантып, ал жерден иштейм деп жүрчүмүн.
10-июнда эртең менен чочуп ойгондум. Жарым саат өтпөй телефонума "атаңды өлтүрүп кетишти" деген СМС келди. Шок! Истерика болуп, ыйлап жатам, иним мени соорото албай убара. Авиабилет жок, эптеп 12-июнда саат 06:00дө Бишкекке учуп келдик, саат 10:00дө атамды акыркы сапарга узатып, чыркыраган бойдон кала бердик.
Атамды жерге бергендин эртеси бизнесибизге кол салуу башталды. Апам кара кийип өз күйүтү менен, сиңдилерим менен иним жапжаш, улуусу болгондуктан, белди бекем буудум. Журналисттерге маалымат жыйын берип, баарын ачык айтып чыктым. Атам саясаттын курмандыгы болгонун, анын өлүмүнөн кийин бизнесин карышкырдай таламай башталганын жарыяладым. Апам "Эми сени атып кетишсинби?! Тим кой ошол оокатты" деп чыйпылыктайт. Жок дедим. Кандайча тим коём? Атамдын канча жылдык мээнетин жөн эле таштап кетишим керек беле?
"Максим Бакиев "бизнесиңди 1 миллион сомго сат" деп жанды кашайткан"
- Атамдын ордуна Ишкерлер союзун убактылуу жетектеп турганда насип буюруп президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болдум. Ошондо "Кудайберген" базарын текшерүүгө келгендер сиздин атыңыздан 9 миллион доллар сурап жатышат” деп болгонун болгондой айттым. Бакиев менин көзүмчө салыкчыларга телефон чалып, текшерүүлөр токтоду.
Көп өтпөй тааныштарым чалып "сени Макс издеп жатат" деп калышты. Ошол күнү мени жолдон токтотушуп, Улуттук коопсуздук кызматынын балдары Максим Бакиевдин кеңсесине алып барышты. Максим сылык сүйлөп сөздү алыстан баштады. "Сен али жашсың. Атаңдан калган бизнес эркектерге ылайыктуу иш. Атаңды да атып салышты, сен мындайды көтөрө албайсың. Сага ушундай баш оорунун кереги эмне?" деп, акырында "бизнесиңди мага сат" деди. Мени шылдыңдагансып "1 миллион сом берем" деп жатпайбы. Каным кайнап чыкты. "Атам өлөрүн билген эмес, ошондуктан бизнесин мураска калтырып кеткен жок. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, жарым жылдан кийин гана мүлккө ээ болобуз, ошондон кийин сүйлөшөлү" деп чыгып кеттим. Андан кийинки 5 жыл абдан кыйын болду, соттон башыбыз чыкпады, бизнести өнүктүрүүгө кетире турган убакыт сот процесстерине кетип жатты. Башыңа иш түшкөндө жакындардын мамилесин билет экенсиң, күтпөгөндөр жардам берсе, ишенгендер сатып жиберген учурлар болду...
"Адам катары да, ишкер катары да репутациям булганбашы керек"
- Кыйынчылыктын баарын билим, өжөрлүк жана намыскөйлүк аркылуу жеңдим. Кичинекей бир айыммын, булчуң менен маселе чече албайм. Мыйзамдарды жакшы билгенимдин пайдасы тийди. Чет өлкөдө жашап келген адамдын дүйнө таанымы да кенен болот. Алсыздыгымды эч кимге көрсөтпөдүм. Өзүмчө калганда, жаш болуп, түшүнбөгөн жерлерден көз жаш төккөнүм менен, эл алдында жаркырап гана турдум. Кыйынчылыкка баш ийип бергенимди кол алдымдагылар көрсө, бизнестин күнү бүтмөк да. Адилеттүүлүк менен мамиле кылууга аракет кылам, элди алдоого болбойт, адам катары да, ишкер катары да репутацияны ойлоп жүрөмүн, булганбашым керек. 10 жылдан бери базарды өзүм иштетип жүрүп бир да адамды алдаган жокмун деп ишенимдүү, абийир менен айта алам.
"Базардан орун таап бер" деп коркуткан чиновниктер бар"
- Кээде сыртынан эле тааныш адамдар келишип, базардагы бир контейнерди жактырып, "мага ушуну алып бер" дешет. Алардын ээси бар экенин айтсам, болбой эле "сен жетекчисиң, айтсаң сени угушат" деп калышат. Мындай кадамга барбайм, антсем миңдеген сатуучулардын астында сөз бат тарап, ишенбей калышат. Чиновниктер, прокуратурада иштегендер, жадакалса депутаттын жардамчысы экенин айтып кыйын болгондор да бар. Мен жогорку кызматта иштеген досторума "бийликте отурасың, менин бул ишимди бүтүрүп бер" деп кайрылбайм, жооп катары алар да мага ушундай мамиледе. Албетте, унаага тетик сатып алуу сыяктуу нерселерде достук мамиле болот, жардамдашам. Бирок досторумду бизнеске аралаштырбайм, анткени акчанын аягы чыр менен бүтөт, сый мамилемди талкалап алгым келбейт.
"Социалдык желелерде эртеден кечке ушак таратып отургандарга каршымын"
- Социалдык тармактардын зыянынан пайдасы көбүрөөктөй. Мисалы, теледен же гезиттен маалымат бурмаланышы мүмкүн, социалдык тармактарда маалымат элге түз, кандай болсо ошондой формада жетет. Артыкчылыгы ушунда. Көп жакшы, акылдуу адамдар менен социалдык тармактардан тааныштым. Бирок айрымдар социалдык желелерде бири-бирин ушакташат, урушат, сөгүшөт, буга кошулбайм. Ар бир нерсенин пайдалуу жагын гана кабыл алганыбыз туура.
"Мен" дей берген адам эч качан өспөйт"
- Азыркы жашоодо "жомоктогудай турмушка бат жетип алайын" деп умтулгандар көп. "Мамлекет мага карыз" деп догурунгандар андан көп. Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхын карасак, алар азыркы деңгээлге ондогон, жүздөгөн жылдардан кийин жетишкен. Бизде адамдардын түшүнүгү башкачараак. Өзүмчүл болуп бүткөнбүз. Мамлекет үчүн акысыз бир иш кылууга кымындай каалообуз жок, бирок талап кылганды кыйын билебиз. Социалдык тармактарда отуруп алып жамандай эле беришет. Акаев жаман, Бакиев жаман, Атамбаев жаман... Баары жаман, жалгыз өзү гана жакшы. "Мен, мен гана" деген киши эч качан өспөйт.
"Оокаттын кадырын билүү керек"
- Килейген хан сарайда кызматчыларды жалдап иштетип, өзү шыпка чырт түкүрүп жаткандар бар. Менимче, алардын жашоосу кызыксыз жана зериктирип жиберет. Оомал-төкмөл дүнүйө дейт эмеспи кыргыздар. Бүгүнкү бай атаң эртең жок болуп калышы мүмкүн, бүгүнкү бай күйөөңдү эртең таппай калышың да мүмкүн. Кандай жол менен болсо да ар бир адам мамлекетке пайда тийгизиши зарыл. Азыр 36 жаштамын, 20 жылдан кийин Эркиндик гүлбагында сейилдеп жүрсөм алдымдан чыккандар "бул жөн эле зеригип жүргөн бай адам эмес, мамлекетке пайдасы тийген адам" деген ойдо жылуу учурашса кандай жагымдуу. Өмүр бою эле жан сакчы менен жүрө бербейсиң да.
"Баары эле президент болгусу келет, кериле кетмен чапкысы келгендер жок"
- Жөнөкөй жүргүм келет, базардагы иштерди элге аралашып өзүм бүтүрөм. Эркелеп чалчаңдап, оокаттын баркын билбеген болсом, 10 жылдан бери атамдын бизнесин кармап турушум күмөн эле. Менин деле ачуум бир топ, кээде эмоцияга алдырып бирөөлөр менен урушуп кетем да, кайра кейийм. Алакандай жерде жашаган элбиз, бүгүн болбосо эртең урушкан адамың менен тойдо жакын болуп, кудада бир дасторкондо отуруп калышың мүмкүн.
Өкүнгөнүм - бизде акылдуу адамдар бир команда болуп иштөөнү жактырышпайт. Баары эле башкаруучу болгусу келишет, эгин талаада кериле кетмен чапкысы келишпейт. Менин жогорку кызматта иштеген бир курбум "эл катары кафеге барбай калдым, бирөө сүрөткө тартып алса ит болосуң" дегендей, чоң бийликтин деле терс жактары болорун баары эле биле беришпейт.
"Бизнес менен жеке жашоону бирдей алып кете албадым"
- Бизнес деп жүрүп жеке жашоого түзүгүрөөк убакыт бөлө албадым. Көп жыл тааныш болгон адамыма турмушка чыгып, кийинчерээк ажырашып кеттик. Балдарым жок. Ажырашууга өзүмдү күнөөлөйм, анткени мен дайыма жумуш деп жүргөн адаммын. Үй-бүлөнү бекем кармаган айым биздин менталитетке жараша үй иштерин моюнга алып, жолдошун жумуштан күтүп алып, дасторкон жайып кызмат кылышы керек да. Менин жонумда килейген жүк бар, эки жакка жетишпей, жашообуз болбой жатканын көргөндөн кийин экөөбүз сүйлөшүп, ажырашканбыз. Ага өкүнүүгө убакыт да жок, иш-оокат менен алек болуп жүрүп көнүпмүн. Буйруган күнү өзүмө татыктуу, ал мени, мен аны түшүнгөн, ойлорубуз, идея, келечек пландарыбыз бир чыккан адам жолукса көрөрбүз. Баары Кудайдын колунда, калганын убакыт көрсөтөт.
"Ийгилигимдин сыры - ишеним"
- Ийгиликтин сыры - ишеним, адам эч качан ишенимди жоготпошу керек. Билим, өжөрлүк сапат да маанилүү. Атамдын күмбөзүнө барып далай ыйладым, а бирок биротоло өзүмдү таштап салган жокмун. Ичимде "бул азаптарды да жеңем" деген ишеним, дымак турду. Кагылдым-согулдум, тажрыйба топтодум, эң башкысы, атамдын ишин адилеттүүлүк принцибине таянуу менен улантып жатканымды билем.