Саматбек Ибраев: “Ийгиликке жетүү үчүн алдыга койгон максаттан тайбай, кыйынчылыктарды жеңүү керек"

Бизнесте негизги максат пайда көрүү эмес, кардарлардын ыраазычылыгын алуу экенин айткан Жогорку Кеңештин депутаты, “Строй мир” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Саматбек Ибраев бүгүн бизде конокто болуп, ийгилигинин сыры менен бөлүштү. Ал мугалимдик кесипти аркалап, бирок жарытылуу каражат таба албай, андан соң бизнеске өткөнүн айтат. Турмуштагы оош-кыйыштары, пландары тууралуу алдыда сөз болот.   

ИБРАЕВ ТУУРАЛУУ:

Жашаган жери - Бишкек шаары.

Туулган жылы, күнү - 1965-жыл, 25-февраль.

Билими - жогорку. 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун (ФПИ) инженер-куруучу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Үй-бүлөлүк абалы - үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы

- Самат мырза, кепти сиздин балалыкты эстөө менен баштабайлыбы?

- Жакшы болот. Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлүп-өстүм. Атам кесиби боюнча тарыхчы, көп жыл мугалим, мектептин директору болуп иштеди. Апам математика мугалими эле. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз: 5 уул, 3 кыз. Мен экинчисимин. Атам эрте жетим калып, жеңелерибиздин биринин колунда чоңоюптур. Фрунзеден жогорку окуу жайын аяктагандан кийин ата-энем Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылында иштеп калышты. Балалыгым боз ала болуп көчө чаңдата чуркаган күндөрдүн коштоосунда Араванда өттү.

- Тентектик кылган учурлар болдубу?

- Мугалимдин баласы болгондуктан, ашыкча тентектик деле кылган жокмун. Ичте өзгөчө жоопкерчилик бар да, ата-энемди уят кылбаганга тырышчумун. “Жакшы окусаң жакшы ийгиликке жетишесиң” деген сөздөргө ишенип калыптандым. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе политехникалык институтуна кирип, курулуш тармагында билим алдым. 5-курсту аяктагандан кийин окуу жайга алып калышты. Ал жерде 4 жылдай иштедим.

- “Илимдин артынан түшөм” деген максат коюп окуу жайда иштеп калган экенсиз. Башка тармакка которулууга эмне түрткү болду?

- Чынын айтканда, окутуучунун айлыгы менен үй-бүлөнү багуу кыйындап кетти. Балалуу болуп калган элем, үстүмдө үйүм жок. “Мындай маяна менен эч качан үйгө жетпейм, мамлекеттин үй беришине көзүм жетпей калды” деп ойлонуп, чечим чыгарууга туура келди. Жашмын, келечек алдыда, башка тармакта күчүмдү сынап көрөйүн деп бизнеске өттүм. Далай ачка калган күндөр болду.

- Анан кандай бизнес баштадыңыз, ишти алып кетүү кыйын болдубу?

- Окутуучулукту таштагандан кийин курулуш материалдарын алып-сатуу менен алектенип жүрдүм.

- Курулуш материалдарын сатып жүрүп, анан кантип ушундай ири курулуш компаниясын түптөп калдыңыз?

- Кичинекей акчадан иш баштаган адамдын бизнеси бекем, туруктуу болот. Акырындык менен жүрүп отуруп, 20 жылдын ичинде курулуш компанияларынын ичинен биринчи орунга чыктык. Биз менен тең тайлашам деген ишкерлердин бир тобу артка кетти. Атаандаштыктан көп тажрыйба алдым. Курулуш тармагында иштөө оор болгону менен, кирешелүү тармак. Каатчылык учурунда да курулуш токтобойт. Бирок бардык нерсенин жакшы жана жаман жагы бар. Кризистин да жакшы жактары болот, аны туура пайдалана билүү керек. Ошондуктан биздин компания өнүгүп жатат. “Каатчылык убагында өссө болот, атаандаштардан алдыга чыгууга чоң мүмкүнчүлүк бар” деп кол алдымда иштегендерге дайыма айтам.

- “Кыйын эркектин артында андан да кыйын аял турат” деген сөзгө кошуласызбы?

- Туура, таамай айтылган чындык. Кеч үйлөндүм, 27 жашка чыкканда келинчегим экөөбүз баш коштук. Ал кезде жигиттер эрте эле үйлөнүп алышчу. Келинчегим экөөбүздү досум тааныштырган. Мен уялчаак болчумун. Азыркыдай интернет, телефон болгондо, балким, дароо эле таап алмакмын (күлүп). Азыркы жаштар бат эле таанышып сүйлөшүп калышат эмеспи. Мурун кыздарга сүйлөө кыйын эле. Досума “үйлөнүшүм керек, мыкты кыздар менен тааныштырбайсыңбы” деп калдым. Ал дагы ушуну эле күтүп жүргөндөй “сонун кыз бар” деп менин келинчегимди көрсөттү. Ал бир көргөндө эле жагып калды, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ортодо 3 уул, 1 неберебиз бар. Улуу балам үйлөнгөн, азыркы учурда мага жардамдашып жүрөт. Экинчи уулум Түркияда 4-курста окуп жатат. Үчүнчүсү 2011-жылы төрөлгөн, кичинекей.

Чынында, үйдө тынчтык, ынтымак болбосо, ийгилик жаратуу кыйын. Ийгилик да бардык жагынан гармония болгондо жаралат. Жаныңда сени колдоп, сүрөп турган киши болгону жакшы. Менин азыркы деңгээлге жетишиме келинчегимдин көмөгү зор түрткү берди.

- Колунда акчасы бар адамдар кайрымдуулук иштерин жасап, аны жарнамалаганды жактырышат. Сизде кандай?

- Колумдан келишинче муктаж адамдарга жардам берип турам. Сараң эмесмин, колум ачык. Баарын айтсам мактангандай болуп калам. Мага караганда келинчегим көп кишиге каралашат. Акыркы 10 жылдан бери 2 балдар үйүнө материалдык жардам берип турабыз. Аялым ал жердеги балдардын энесиндей эле болуп калды. Менимче, түбөлүктүү бай болуу үчүн колуң ачык, март болушуң керек. Сараң адам бат байышы мүмкүн, бирок артка да бат кетиши мүмкүн. Кудай деле таразалап коюшу ыктымал.

- Саясатка аралашууңузга эмне түрткү болду?

- Башынан эле саясатка кызыгам. Парламентке келишиме ошол кызыгуум түрткү болду. Келинчегим азыркыга чейин “Бир бутуң менен бир иште, экинчи бутуң менен башка иште жүрөсүң. Бир иштин башын кармабайсыңбы” деп айтып калат. Азыркыдай шартта аракет кылып, көбүрөөк иш бүтүрүүгө умтулуу керек да. Азыр 7-8 тармакта иш жүргүзүп жатам. Бирине киришип, экинчисин таштап салууга болбойт.

- Кыргыз мамлекетинин келечегин кандай элестетесиз?

- Өлкөбүз жакшы жолго түшүп баратат, келечеги кенен. Парламентке келгениме аз эле болду, бүт мамлекеттик түзүмдүн артыкчылыгы менен кемчиликтерин анализдеп жатам. Биздин негизги функция - мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө. Бир топ мыйзамдарды даярдап, каникулга чейин өткөрө албай калдым. Алардын кабыл алынып, ишке ашуусуна күчүмдү жумшайм.  

- Депутат болгондон кийин кулк-мүнөзүңүздө өзгөрүү болдубу?

- Мүнөзүмдө өзгөрүү деле байкалган жок. Болгону реалдуу түрдө өзүң көрүп турган көйгөйлөрдү жоюуга жакшы шарт түзүлөт экен. Туризмди өнүктүрүү үчүн Кытайдын Яньтай шаары менен Ысык-Көл облусунун ортосунда достук мамиле түзүүгө аракет кылып жатабыз. Жакында кытай тараптын расмий өкүлдөрү менен жолугушканда ушул сунушту киргиздим. Алар колдоого алышты. Буга чейин мындай аракеттер болгон, бирок реалдуу достук мамиле түзүлгөн эмес.

- Спортко мамилеңиз кандай? 

- Спорттун бир нече түрү менен алектенип жүрдүм. Каратэ, күрөш, бокс, сууда сүзүү, айкидо менен машыктым. Айкидодо укмуш философия камтылган. Спортко кызыгуумдун артынан ден соолугумду жакшы алып жүрүүгө жетиштим. Бирок мелдештерден утуп медаль тагынган жокмун. Мектепте окуп жүргөндө чуркаганда, секиргенде дайыма биринчи болчумун. Азыркы учурда тай цзини мамлекетибизге жайылтууга арналган программанын үстүнөн иштеп жатам. Жакында Ысык-Көлдө машыктыруучуларды дайындап, 20дай баланы 1-этаптан өткөрдүк. Бул аракетим шайлоого карата жасалган пиар эмес, жакшы нерсени элге жайылткым келет. Жашоодо элим үчүн кылган жакшылыктарымдын бири ушул болсун деген ойдомун.

- Жашоодо сиз карманган принцип?

- Эң башкысы - ата-энеге, аялыма, балдарыма, мекениме, чогуу иш жүргүзгөн жолдошторго жана партияңа болгон берилгендик, сүйүү. "Бирөөгө кандай мамиле кылсаң, ошондой жооп аласың" деген принцип менен жашайм жана иштейм.

- Ийгилигинин сырын ар ким ар кандай түшүндүрөт. Сиздин ийгиликтин сыры эмнеде?

Ийгиликке жетүү үчүн алдыга койгон максаттан тайбай, кыйынчылыктарды жеңүү керек. Мен үчүн бизнесте негизги максат пайда көрүү эмес, менин кардарларымдын ыраазычылыгы. Кардарлар мага ыраазы болсо, акча өзү эле келет. Айрымдар жалаң кирешесин гана ойлошот, эптеп эле кардардын акчасын алуу, калганы экинчи планда. Мен түптөгөн компания өсүүнүн гана үстүндө. Мунун сыры ресурсту туура пайдаланууда.

Кыска суроого кыска жооп:  

- Эс алуунун кандай түрү жагат?

- Табияттын коюнунда эс алуу жагат.

- Спирт ичимдиктерин оозго аласызбы?

- Мурун сыра ичип койчумун. Азыр таптакыр ичимдиктен алысмын.

- Үйдө чарбакер кожоюнсузбу?

- Кандай иш болбосун, жакшы жасайм. Менден жакшы жыгач уста чыкмак. Колума жыгач тийсе, арыдан бери бир нерселерди жасоого машмын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mongol1155
2015-08-17 19:59:04
Тынч жургон депутаттардан го.Дегеле дайны чыккан эмес.
+3
Uli6886
2015-08-18 10:12:36
Эми коруп жатам ушундай ЖК депутат бар экенин.
+2
12.12.12
2015-08-18 18:06:00
Атам менен курактуу эккен. 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун бутсо, анда менин атам 2 балалуу болуп калган экен. Ишинизге ийгилик
0
InsanKg
2015-08-19 14:45:24
Ушундай депутат бар беле. Биринчи жолу коруп жатам. Шайлоо жакындаган чыга калган го.
+1
Ago
2015-08-19 23:23:03
Маяна алып чардаааап жаткан депутатко эч укпапмын.
+1
g.jumabekova
2015-08-20 07:15:57
Аты жытын укпапмын. Жогорку Кенешке тынч келип тынч кетип журо берсе эч кандай мыйзамдын устундо иштебесе трибунада суйлобосо анан тааныбайбыз да.
+1
vobanako
2016-03-15 12:04:20
список менен КСДП дан келди былтыр август айында анан кайра шайлоо болуп калды келеери менен новосибирк красноярскдагы кыргыздардын маселелерин чече баштаган жакшы иштеп аткан анан кайра список менен попал болбой калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан