Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Ата Мекен» саясий-социалисттик партиясынын Х съезди болуп өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан делегаттар, атайын чакырылган меймандар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Алгач “Ата Мекен” партиясынын тарыхын жана беш жылдык ишмердигин камтыган фильм көрсөтүлдү. Андан кийин, съезддин иш тартибине ылайык, жумушчу президиум шайланып, төрага шайлангыча съездди партиянын тең төрагасы Болот Шер алып барды. Партиянын лидери Ө.Текебаев баяндама жасап, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жана анын алкагында кыргыз өлкөсү баштан кечирип жаткан саясий урунттуу окуяларга баа берип, партиянын беш жыл ичинде жасаган иштерине жана алдыда жасала турган иш-аракеттерге токтолду.
2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин “Ата Мекен” социалисттик партиясы мыйзамдуу бийлик органдарын калыбына келтирүү милдетин өз моюнуна алып, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынгандыгы белгилүү. Ө.Текебаев бул тууралуу: “Бул жетишкендик бизди Украина менен Ливиядагыдай жагдайдан куткарып калды. Азыркыга чейин аталган өлкөлөр кайсы Конституция боюнча жашаарын чече албай келишет. Бул олуттуу маселени биз бир жарым айда чечүүгө үлгүрдүк. Натыйжада бөлүп-жарууга, жарандык согуш болуп кетүүсүнө жол берген жокпуз. Учурда бизди сынга алып жаткандар ошол мезгилде кайда болушкан? Өлкөбүздү кыйроодон жана баш аламандыктан коргоо үчүн алар кандай аракет көрүштү?”- деген орундуу суроону койду.
Партиялык курулуш тууралуу Ө.Текебаев: “Биз партиядагы авторитаризмди, партия жетекчилеринин өзүм билемдигин жоёбуз. Биз баш калаада жана аймактарда жаңы лидерлердин чыгышына өбөлгө түзүү максатында партиялык турмушту борборлоштурууну азайтабыз. Биз партиялык уюмдардын демократиялык принциптерин бекемдеп, партиялар ортосунда, ошондой эле партиялардын ичиндеги саясий коррупцияга каршы күрөшөбүз”,- деди. Ошондой эле партиянын лидери конкреттүү сунуштарды киргизди. Алардын катарында калктын турак жайга болгон укугу, жаңы турак жай программасы, спутник шаарлар жана башка маселелер бар.
Андан кийин жарыш сөзгө экс-премьер-министр Ж.Оторбаев, экс-башкы прокурор А.Салянова, “Айтыш” студиясынын жетекчиси, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңештин депутаты Н.Никитенко, мамлекеттик жана коомдук ишмер М.Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиев жана башкалар чыгып сүйлөштү. Айрыкча экс-баш прокурор А.Салянова чыкканда съезддин катышуучулары кызуу кол чаап турушту. Ал өз сөзүндө “Ата Мекен” партиясынын Х съезди катардагы эмес, тагдыр чече турган съезд экенине токтолуп, “Ата Мекен” партиясы менен өзү жетектеген "Күчтүү Кыргызстан" партиясынын кызматташуу себептерин айтты.
Коомдук ишмер Садык Шер-Нияз “Ата Мекен” партиясын бийликке, байлыкка сатылбаган партия деп баа берип, мөңгүгө салыштырды. Иш-чарада “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасынын атынан Бейшен Болотбеков сөз сүйлөп, съезддин катышуучуларын куттуктап, “Улуттар биримдиги” партиясы менен “Ата Мекен” партиясынын кызматташуу себептерине токтолуп, “кемеге түшкөндөрдүн жаны бирге” деди.
Съездде партиянын төрагалыгына кайрадан Ө.Текебаев шайланып, ал өз сөзүндө 2019-жылы партиянын лидерлигин татыктуу жаштарга өткөрүп бере тургандыгын айтып, андан ары съезддин иш-аракетине төрагалык кылды. Иш-чарада партиянын 120 адамдан турган Саясий кеңеши шайланып, Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмесинде бара турган талапкерлер аталды.