Данияр Аттокуров, жаш саясатчы: “Адамдар менен жакшы тил табышуу – ийгиликтин ачкычы”

“Бийиктикти көздөгөн адам үчүн адам менен тил табыша билүү маанилүү”,- дейт КСДПнын өкүлү Данияр Аттокуров. Жаш саясатчы уюштуруучулук жөндөмү, ишине катуу берилгендиктин артынан КСДПнын республикалык штабынын башчылыгына жеткенин айтат. Ийгиликтүү жаштардын катарын толуктаган мырза менен жылуу маанайда пикир алыштык.

ЖАШ САЯСАТЧЫ:

Туулган жери - Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү - 1980-жыл, 22-сентябрь

Билими – жогорку, Москва Эл аралык университетинин Кыргыз Республикасындагы филиалы

Хоббиси - китеп окуу, футбол ойноо жана сууда сүзүү

Үй-бүлөлүк абалы - үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

“Адамдар менен тил табышуу жөндөмүм – ийгилигимдин сыры”

- Бир топ убакыттан бери эл менен тыгыз иштешип келе жатам. Аймактарды кыдырып, жолугушууларды, жыйындарды уюштуруу менен алектенем. Негизи, ар бир киши менен тил табышуу – өзүнчө өнөр. Бирөөнүн тилин таап ишенимине кирмейин иш илгерилебейт. Ошондуктан жарандар менен туура мамиле куруу абдан маанилүү. Кесиптештерим мени “абдан токтоосуң, дипломатиялык шыгың бар” дешет. Менимче, ийгилигимдин сыры ушунда.

 

“Чет өлкөдөн тажрыйба алган жаштар мамлекетибизге салым кошушу керек"

- Көрүп турганыбыздай, заман абдан тездик менен өзгөрүүдө. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, ар бир адам өз ишин мыкты билиши кажет. Андыктан жаштарга “кесипти туура тандагыла” деп кеңеш айтар элем. Жаштарда мүмкүнчүлүк көп, тил үйрөнүп чет мамлекеттерге чыгып, жаңы тажрыйбаларды үйрөнүп келип мамлекетибизге салымын кошсо жакшы болмок. Чет мамлекетке канчалык көп чыксаң, өлкөлөрдү бири-бирине салыштыруулар ошончолук көп болот. Сауд Арабия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү көрүп “Бишкек да ушундай кооз, таза болсо” деп абдан ичим ачышат.

Бир четинен өлкөбүздөгү тынчтыкты баалап, Жаратканга шүгүр айтышыбыз керек. Украина, Сирия сыяктуу өлкөлөрдөгү окуяларды көрүп мамлекеттин тынчтыгы, бүтүндүгү баарынан маанилүү экенин ар бирибиз жүрөгүбүздөн туюшубуз зарыл. Дүйнөнү карайлы, далай миң жылдык тарыхы бар өлкөлөр талкаланып жок болуу абалына кептелди. Ошондуктан өкмөттү эле жамандап, “Мага эмне берет?” деп отура бербей, ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу.

"Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн курч сөздөрүн угуп, аны колдой баштадым"

- Студент кезимде бир тайпада окуган досумдун агасы, белгилүү көз дарыгери Алмазбек Исманкулов депутаттыкка талапкерлигин коюп, бизден шайлоодо байкоочу болуп берүүнү суранган. Ошондо шайлоо процесстерине биринчи жолу аралашып, саясатка кызыгуум башталды. Ошол шайлоодон кийин ар бир күнүм жергиликтүү жана дүйнөлүк жаңылыктарды окумайынча өтпөй калган эле.

2000-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Шаршенович ат салышып, аймактарда жергиликтүү тургундар менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн. Ошондо анын ошол кездеги президент Аскар Акаевге каршы сүйлөгөн курч сөздөрүн угуп, аны колдой баштадым. Партиянын иш-чараларына активдүү катышып жүрдүм, бара-бара партиянын уюштуруу иштерине аралашууга өттүм. 2005-жылдын 24-мартындагы революцияга да катышкам. Жылдан-жылга кызматтык тепкич менен көтөрүлүп отуруп, 2012-жылдан бери партиянын республикалык штабын жетектейм.

"Футбол ойногондо дайым команда башчысы болчумун"

- Бишкекте төрөлүп, балалыгым Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында таенемдин колунда өттү. Үй-бүлөдө балдардын улуусумун, эки иним бар. Атам Фрунзе шаарындагы “Фрунзе курулуш” ишканасында инженер-куруучу болуп иштесе, апам көп жыл мектепте мугалим болуп иштеди. Азыр экөө тең пенсияга чыгып, ардактуу эс алууда. Азыр ойлосом, уюштуруучулук шыгым бала кезден эле бар экен. Атышуу же футбол ойногондо дайыма команданын капитаны болчумун да, “тигиндей кылгыла, мындай кылгыла” деп буйрук берүүгө кыйын элем.

"Хирург болом деген каалоом атамдын сөзүнөн кийин токтоду"

- Кичинекейимде негедир хирург болгум келчү. Мектепте дил баян жазганда да ушул кесип жөнүндө көп жазчумун. Апам “сен абдан боорукерсиң, адамдын көңүлүн калтырбайсың” деп көп айтат. Бирок хирург же дарыгер болбой калдым. Жогорку окуу жайга тапшырар мезгилде атам менен акылдаштым. “Эже-агаларың дарыгерлер, сен башка кесипти карап көрбөйсүңбү” деген сунушун айткан. Ошентип, бизнес жана маалымат технологиялары боюнча Москва Эл аралык университетинин Кыргыз Республикасындагы филиалына тапшыргам.

"Сүйгөнүмдүн колун Кытайга барганда сурагам"

- Жубайым Гүлназ менен партиянын кайрымдуулук иштерин өткөрүп жүрүп таанышкам. 2011-жылы концерттик иш-чара өткөрүү жана балдарга белектерди берүү үчүн артисттер менен Ак-Суудагы балдар үйүнө барганбыз. Ал жерге башка уюмдардын өкүлдөрү да келишиптир. Алардын арасында кайрымдуулук фондунда иштеген кызды жактырып калып, тааныштык. Андан кийин чогуу башка балдар үйлөрүнө да барып жардам берип жүрдүк. Үйлөнүү сунушун чет өлкөдөн айткам. Гүлназ Кытайга 2 айга окууга кеткен болчу, аркасынан мен да жөнөгөм. Экөөбүз Кытайдагы эң бийик телемунарага чыктык. Ошол жерден колуна шакек салдым, ал макулдугун билдирди. Азыр ортобузда 2 уулубуз бар.

"Кыргыз жеринде туулганыма сыймыктанам"

- Өлкөбүздүн аймактарын кыдырганда жаратылыштын кооздугуна кызыгам. Арстанбап, Ысык-Көл, Соң-Көл, Сулайман-Тоо... Негизи эле кыргыз жери ажайып жана керемет жер да. 

Бош убактым болгондо китеп окуганды жактырам. Азыркы учурда Сингапурдун айтылуу лидери Ли Куан Юнун “Үчүнчү дүйнөдөн биринчиге” деген китебин окуп жатам. Ал киши жакырчылыктын сазына баткан чакан мамлекетти дүйнөдөгү гүлдөгөн мамлекетке айландырган улуу инсан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur-patriot
2015-08-17 18:04:34
СДПК шайлоодо уткандан кийин бул баланы байлар кетирип салышат. Көрөсүңңөр го.
+1
12.12.12
2015-08-17 18:14:21
Жакшы маек куруп бериптир. Тасир алдым да таасир. Рахмат ишинерег ийгилик.
+3
Kunbeken
2015-08-18 18:20:17
Уй-булолук бакыт ишинизге ийгилик!
0
balzak
2015-09-10 16:10:28
Ли Куан Юнун “Үчүнчү дүйнөдөн биринчиге” деген китебинен биздин саясатчылар(патриот)сабак алышса,аны ишке ашырышса АЯБАЙ ЖАКШЫ болмок(мен учун баа жеткис-мекенчил инсан)!!!
0
balzak
2015-09-10 16:12:44
СИ негизи бул рубриканар жакшы экен,бирок эмнеге катарда жок(он капталдагы тизмеде)
0
admin_portal
2015-09-10 16:22:04
balzak, саламатсызбы!
"Ийгилик сыры" рубрикасы башка рубрикалардын катарында турат.
0
tipokan
2017-04-14 15:05:35
молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан