Бүгүн, 17-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын республикалык XIV съезди өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан чакырылган 700 чакты делегат катышты. Иш-чаранын башында партиянын тарыхын, ошондой эле акыркы 5 жыл аралыгында аткарган иштерин чагылдырган кыскача тасма көрсөтүлдү. Съезддин төрагасы болуп Чыныбай Турсунбеков шайланып, ал партиянын соңку 5 жыл аралыгында аткарган иштерине жана келечекте аткарыла турган маселелерге басым жасады.
“5 жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев өзү алып барган партиялык съездибизде Апрель жана Июнь окуяларынан кийин кыйынчылыкка кептелген өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак орносо экен деп баарыбыз тилек кылганбыз. Ошол күнү баарыбыз бир ооздон өлкөнү калыбына келтирели, кайра жаралуусуна жол баштайлы деген максат койгон элек. Бүгүн биз ал убаданын өтөсүнө чыктык, өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна бура алдык деп ишенимдүү айта алабыз. Туруктуулуктун арты менен биз “Кыргыз Республикасы - кедей өлкө” деген көп жылдар бою айтылып жаткан жаман аттан арылдык. Экономикабыз акырындап жанданып, президентибиз баштаган улуттук ири долбоорлорду алдыга жылдыра баштадык”,- деди Турсунбеков.
Ошондой эле ал КСДП Жогорку Кеңештеги эң эле туруктуу фракция болгонуна токтолду.
“КСДП туруктуулукка данакер болду деп айтууга акылуубуз. Мисалы, парламенттеги 5 партиянын 5 жылдык тарыхын карап көрөлүчү. Бизден башкалардын баары ич ара ырылдашып, бири-бирин сатып дегендей, ыдырап отурду. Көпчүлүктүн кулагына жаккан популисттик убадалар менен тойгузуп жатканда биз баш көтөрбөй иштедик. Бир гана КСДП бөлүнүп-жарылган жок, биримдиктүү партия экендигибизди далилдедик”,- деди ал.
Кийинки сөз парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго берилип, ал өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык маселелерге кыскача токтолду. Анын айтымында, партия бул маселелерди чечүүгө жигердүү аракет кылды. Бирок Жээнбеков VI чакырылыштагы парламенттин алдында дагы бир катар негизги миссиялар турганын айтты. “V чакырылыштагы парламент бир катар көйгөйлүү маселелерди чечти. Бирок “Кумтөр”, чек ара көйгөйлөрү жеткиликтүү чечилбей калды. Ошондуктан кийинки парламент ушул көйгөйлөрдү чечүүсү керек”,- деди Жээнбеков.
Ошондой эле съезддин жүрүшүндө партиянын аймактардан келген делегаттарына да сөз берилип, ар бири 5 мүнөттөн жарыш сөзгө чыгып, негизги көйгөйлөрдү ортого салышты. Дээрлик баары бир ооздон өлкөнүн ынтымагы тууралуу маселе көтөрүштү.
Жыйынтыгында делегаттар парламенттик шайлоого карата тизмедеги талапкерлерди тандап алышты.