Бишкекте "Кыргызстан" партиясынын курултайы өттү

Бүгүн, 18-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргызстан" партиясынын кезексиз 4-курултайы өттү. Жыйындын башында аймактардан келген делегаттар партиянын жаралышы жана алдыга койгон максаттары тууралуу тасманы көрүштү. Андан соң жыйынга чакырылган кадырлуу меймандар, элеттен келген делегаттар президиумду жана делегаттарды куттуктап, каалоо-тилектерин узатышты. Бүгүн делегаттар партиянын ыйман жана саламаттык башында турган "7 кадам" деп аталган программасын жактырып жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитишти.  
Партия лидери Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыдагы парламенттик шайлоого карата партиялык тизменин алдынкы ондугун санап өттү: Канатбек Исаев, Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков, Жыргалбек Калмаматов, Гүлмира Орозалиева, Дастан Жумабеков, Урмат Ишенбеков, Тынчтык Конушбаев, Нурлан Макеев, Элмира Жумалиева, Канат Муратбеков
Эске сала кетсек, партиянын съездине 800дөн ашуун делегаттар, 100гө чукул ММКнын өкүлдөрү жана коноктор чакырылган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
depu
2015-08-18 17:33:51
Бугун бар эртен жок партия,максаты эптеп ЖКга жетиш
+3
557
2015-08-19 09:23:59
Ошол эле журтка пайдасы жок ХХХ
+1
admin_superstan
2015-08-19 10:04:08
557, мазактоого жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
-1
Dadasdasd
2015-08-19 09:25:19
Замандаш, онугуу партиялары сыяктуу анча мынча бир иш кылса айланайн.
0
ertur
2015-08-19 15:09:59
баардык партиялардын масатынын 90% ЖКкелуу а реалдуу жалпы журттун жугун которо ала турган партияны мен издеп таппай келем туугандар
+1
AJow
2015-08-19 15:53:57
Кыргызстан-бул экинчи КСДП
0
chalkan
2015-08-19 16:23:28
Дастан Жумабеков "Ата журт" партиясын таштаганбы, же кош партиялуубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан