Асылбек Жээнбеков: "Мурунку бийликтин мыйзамсыз иштери учурунда мага сын таккан Жылдыз Жолдошова кайда эле?"

ЖКнын бүгүнкү, 28-февралдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутат Жылдыз Жолдошованын айткан сындарына өз жообун берди. Анын айтымында, Жолдошова акырын, уруш-талашы жок сүйлөө эмне экенин түшүнбөйт. "Айрым кесиптештер мага "сиз төрага болуп турган учурда 4 депутат камалып отурат" деп айтышууда. Мен ал депутаттарды сүйрөп келип Ак үйдүн тосмосунан секирткен эмесмин. Сүйлөгөндө да ойлонуп сүйлөш керек. Азыркы парламенттин иши, Кудайга шүгүр. Мурунку бийликтин тушунда электр энергиясына баалар асмандап, буюртма киши өлтүрүү күчөп, толгон-токой мыйзамсыз иштер болуп жатканда кайда элеңер?!"- деди төрага. Асылбек Жээнбеков учурда таза коомду куруунун кыймылдаткычы парламенттик демократия экенин баса белгилеп, "парламенттин ишин идеалдуу деп айта албайм, бирок көч бара-бара түзөлөт" деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан