18-августта “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын кезексиз 4-съезди Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан шайланып келген 250дөн ашык делегат катышты. Съездде саясий партиянын үч негизги идеологиялык платформасы бекитилип, 4-октябрда парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмеси аныкталды. Партия төрагасы Бакыт Төрөбаев делегаттарга кайрылып партиянын жаңы платформасын сунуштады. Партия “Жердин касиети, суунун баркы, элдин эркиндиги” деген жаңыртылган платформаны кабыл алды.
Аймактардан келген эки жүздөн ашык делегат съездде парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин аныктап берди. Партиялаштар негизги платформадагы багыттарды колдоп, алардын арасында калктын бардык катмарын коргоо башкы максат катары көрсөтүлдү. Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө: “Ар бир адамдын кирешеси көбөйүп байыганда гана туруктуу экономика жана күчтүү мамлекет кура алабыз”,- деп билдирди.
Партиянын платформасынын жаңы механизминде “жарык саясат” аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында максималдуу ачык-айкындуулуктун сакталышы каралган. Жарандар бул процесстерге түздөн-түз катышып, активдүү ишмердик жүргүзө алышат.
Съездде шайлоодогу жаңы систем, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын берилиши жана добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен текшерүүгө көңүл буруу керектиги айтылды. Делегаттар жогорудагы шайлоо системи ар бир катышуучу үчүн процессти жоопкерчиликтүү кылып, ал эми шайлоо нагыз элдин тандоосу болот деп ишенерин билдиришти.
Курултайда сөз сүйлөгөн делегаттардын баары “Өнүгүү-Прогресс” партиясы чыныгы иштерман партия экенин белгилешти. Үч жыл аралыгында партиянын ишмердигинин алкагында 162 социалдык багыттагы долбоорлор ишке ашырылып, анын ичинде 15 МТС ачылып, 2000ден ашык жумушчу орундары түзүлүп, 120 ири масштабдагы иш-чаралар уюштурулуп, 35 000 адам бекер медициналык кароодон өткөн. “Биз эч качан жетишкен ийгиликтерде токтоп калбайбыз. Биз дайыма өлкөнүн карапайым калкынын көз карашын, ой-пикирин жана ишеничин актоону эстен чыгарбайбыз”,- деди Бакыт Төрөбаев.
Катышуучулар партия төрагасынын суу ресурстарын өлкөнүн улуттук байлыгы, мурасы катары сактап, элдин жыргалчылыгы үчүн сарамжалдуу пайдалануу сунушун колдошту.