Жанар Акаев азыр болгону 28 жашта. Бирок ал буга чейин эле курч журналист, чындыктан тайбаган телеалпаруучу катары кыргыз коомуна кеңири таанылып, жашынан эле ийгилик коштогондордун бири. Учурда президенттин маалымат катчысы кызматында, бирок ал кызматын да жакынкы күндөрү тапшырып, чоң саясатка баш-оту менен кирери анык болуп калды.
ЖАНАР МЫРЗА:
Туулган жери - Ош облусу, Алай району, Кабылан-Көл айылы.
Туулган жылы, күнү - 1986-жыл, 13-декабрь.
Билими - Ош мамлекеттик университетинен журналистика адистигине ээ болгон.
Үй-бүлөлүк абалы - бир уулдун атасы.
- "Окуучу кезимде эле саясатчылардын баарын таанып, гезиттерди калтырбай окучумун" дечүсүз. Демек, мадыра баш чакта эле саясатты кыялданчу экенсиз да?
- Кичине кезимден эле алсыздардын таламын талашканды милдетим деп билчүмүн. Канчанчы класста окуганым эсимде жок, бирок айылда “Азаттык” радиосу кошунабыздын үйүнөн бизге чейин угулуп турчу, ал аз келгенсип “Асаба” сыяктуу чылкый саясатты жазган гезиттерди кууп окучумун. Ал эми жөн гана кызыгуу болчу, саясатка келүү ниетимде да жок эле. Мектепте кыргыз тил, адабиятты жакшы окудум. Ошол эле убакта шоктугум да бар эле. Айылдагы балдар топ-топко бөлүнүп алып футбол, баскетбол ойночубуз. Ошондо өзүм түзгөн команданы “Карапайым эл” деп атап алгам. Ал убакта маани деле берген эмесмин, азыр классташтар чогулганда эстеп калабыз, “ошондо эле элчил пейилиң бар болчу” деп калышат.
- Журналисттик кесипти кандайча тандап алдыңыз? Өздүк чечим болдубу же бирөө кеңеш бердиби?
- Мектептеги адабиятчы мугалимим бир күнү чакырып, “сен журналист болушуң керек, зирексиң, анан спорттук таймаштарда комментатор болуп телевизордон чыгасың” деди. Мен туура көрдүм. Окууга өтүп, анан айылда жатып сентябрь айын күткөндү айтпаңыз. Талаада чөп чаап же мал кайтарып жүргөн кезде студент болууну, анан калса журналист болуп макала жазып, телевизордон шакылдап сүйлөп жатканымды кыялданып бүтпөй койдум. Ийгиликтин ачкычы ушул экен көрсө, алгач кыялданасың, кыялың максатка айланат, анан максатыңа жетүү үчүн план коёсуң, ал эми планды болсо аткарууга киришесиң.
Мен журналисттик кесибим менен коомдун тазалануусуна аз болсо да салым кошо алдым, акыйкаттык издеген жүздөгөн адамдардын үнүн жогорку бийликке жеткирип турдум, көпчүлүктүн ишенимине ээ болдум. Айылдарды аралаганда жаш-кары дебей алкап, батасын беришчү. Журналист катары коомчулукка таанылып, чет жерде иштеп келген соң айылдагы мугалимимдин телефонун таап коңгуроо кылдым. “Эжеке, сизге терең ыраазымын” дедим. Ал дагы "үмүттү актадың" деп мага алкыш айтты.
- Журналисттик кесипте жүрдүңүз, азыр болсо мамлекеттик кызматтасыз, өзгөрдүңүзбү?
- Мамлекеттик башкарууну ичинен көрбөй туруп көзүң ачылбайт. Сыртта туруп "жакшы иштегиле" деп акыл үйрөтүп, сын тагып отурчу мезгил эмес. Мамлекеттик кызматка бар, өлкөңө жардам бер, коомду тазартууга салым кош, уурдаба, уурдатпа. Мен таптакыр өзгөргөн жокмун, бирок жоопкерчилик күчөдү, мамлекет тууралуу, эртеңибиз тууралуу көп ойлонуп калат экенсиң. Жагдайлар өзгөрүшү мүмкүн, бирок принцип, мүнөз, жөнөкөйлүк эч качан өзгөрбөйт.
- Чет өлкөгө көп чыктыңыз. Башкалардан үйрөнө турган нерселер көп экенин жакшы билесиз. Ошол тажрыйбаны мамлекеттик кызматта туруп колдонууга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Албетте, мен эмнени туура көрсөм, жетекчиликке сунуш берем же ал ойду дагы бекемдеп, келечекте ишке ашырам деп анализдейм. Ошол эле Грузиянын полициясы кандайча өзгөргөнүн, Сингапурда коррупцияны жоюу үчүн болгон радикалдуу кадамдар, айрым элдердин өлкөсүн, шаарын, айылын сүйүп, барктаганы, министрлердин жөнөкөйлүгү, мыйзамдардын так иштегени, толтура мисалдар бар.
Өзгөрүү керек десек, заманбап ой жүгүрткөн, мекенин абдан аздектеген, таза, иш билги адамдарды жооптуу кызматтарга дайындоону уланта беришибиз керек. Биздин өлкөбүз чакан, эркин, эли бай, стабилдүү мамлекет катары таанылышы керек. Бул күн алыс эмес, азыркы саясатка келаткан жаңы муундун колунан келчү нерсе.
- Саясатты ыплас дешет, аралашканыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Эч кандай өкүнбөйм. Саясат ыплас болбош үчүн ал жакка бараткан жаштар таза иштеп, чындыкты сүйлөп, калыстыктан тайбашы керек. Элдин таламын талашкан, чынчыл адамдар көбүрөөк болушу зарыл. Саясатты да тазартса болот. Бардык чоң кызматтагылар жөнөкөй жана элге жакын болушу керек.
- Эс алуунун кайсы түрү көбүрөөк жагат? Интернеттеги социалдык тармактардагы сүрөттөргө караганда жаратылышка көбүрөөк жакын окшойсуз?
- Ооба, кышы-жайы шаардан сырт жакка чыгып турам. Кышкысын лыжа, жайкысын жыл сайын Алайдын жайлоосуна барып турчумун. Быйыл жумуштан такыр кол бошогон жок. Эс алмак тургай, тууган-урук менен кеңири отуруп сүйлөшүүгө да убакыт боло элек. Таза абада ат минсем деп жүрөм, акыркы учурда жылкыга болгон кызыгуум күчөп баратат.
- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
- Футболго кызыгам, бирок мыкты ойной албасам да, жумасына эки ирет калтырбай барып турам. Кышкы спорттон лыжаны алмаштыргым келбейт.
- Байсызбы?
- Албетте, өлкөбүз да, элибиз да сонун. Анан ошол өлкөгө, ошол элге аз болсо да пайдам тийсе, мен бай, мен бактылуумун да. Бул сөз, балким, ар ким айта берип баркы кеткендир, бирок мен муну айткандан тажабайм, менин бакытым - Кыргыз Республикасы. А эгерде материалдык байлык жөнүндө сөз болсо, мен байлыкка такыр кызыкпайм, тапканым күнүмдүк турмушка жетет. Кийинчерээк каражат чогултсам, үй, машина сатып алармын. Азыр батирде турам.