Ашэра Халикова, коомдук ишмер: "Максатым – үй-бүлөлүк зомбулук жана кыйноолор менен күрөшүү"

"Менин максатым - үй-бүлөлүк зомбулукка, түрдүү кыйноолорго каршы күрөшүү. Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо",- дейт коомдук ишмер Ашэра Халикова. Жолдошунун баскан жолу, анын элге кылган иши тууралуу айтып берди. Жолдошу каза болгондон кийин анын ишин улантуу менен алектенип жатканын айткан айым менен маектештик.

Туулган жери – Чүй облусу, Искра айылы

Туулган жылы, күнү - 1974-жыл, 9-декабрь

Билими – жогорку, Кыргыз улуттук университети

Үй-бүлөлүк абалы - 4 баланын энеси

“40 жашка чыксам да, атам үчүн кичинекей кыз бойдонмун"

- Мен атамдын зарыгып күттүрүп төрөлгөн жалгыз кызымын, менден улуу 2 агам бар. Жалпысынан 5 бир тууганбыз (сүрөттө күйөөсү менен). Атам 2 уул төрөлгөндөн кийин кийинкиси кыз болушун абдан күткөн экен. Мен туулганда абдан кубанганын апам айтып берген эле. Азыр 40 жашка чыксам да, атам мени дагы деле кичинекей кызындай жакшы көрөт. Мага өмүр жана бактылуу балалык тартуулаганы үчүн ата-энемди абдан сыйлайм, жакшы көрөм. Кичинекей кезимде алар мага баарын таап берүүгө аракет кылышчу. Башыма оор күндөр түшкөндө ата-энем дайым колдоо көрсөтүп турушат...

Мектепте активдүү окуучу болчумун, түрдүү иш-чараларды уюштурууга ар дайым катышар элем. Мектепти “4” жана “5” деген бааларга бүтүрдүм. Жогорку окуу жайга тапшырарда атамдын жолун жолдойм деп педагогика тармагына тапшырдым.

Университетте окуп жүргөнүмдө турмушка чыгып, балалуу болуп, мектептегидей уюштуруу иштерине активдүү аралашканга убакыт болбоду. Ошондуктан жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктоого мүмкүнчүлүк болбой калды.

“Күйөөм жасаган иштердин үзүрүн азыркыга чейин көрүп жатам”

- Жолдошум Рахим Халиков абдан кайраттуу, максатына жетүүгө талбай умтулган адам эле. 6 тилде эркин сүйлөчү, адамдар менен оңой тил табышчу. Ал мага көп жерлерди көрсөтүүгө жетишти. Кесиби журналист болгону үчүн Рахим оратор болчу. Коомдо болуп жаткан талкууларга кызыгып, активдүү аралашып жүрдү. Дайыма мага өлкөдөгү кабарлар менен бөлүшүп, кандайдыр бир окуя боюнча өз пикирин айтып турчу. Ал бала багууда да мага абдан жакшы жардам көрсөттү.

Жолдошум менен болгону 17 жыл чогуу жашадык. Мага чейин анын биринчи үй-бүлөсү болгон. Аялы каза тапканда 9 жашар баласы менен калган эле. Жолдошум тирүү кезинде 1 уул, 2 кыз төрөп бердим. Ал көз жумганда кош бойлуу болчумун. Атасын көрбөй калган кызым азыр 6 жашка чыгып калды. Балдарым менин бакытым, алардын жанында болгонумда телгейим тегиз. Алардын жанында энелик бакыттын чыныгы даамын сезем.

Күйөөмдү бир топ жыл мурун Казакстанда катуу сабап кетишкен. Ошондон кийин ал каза тапкан. Жолдошум каза болгондон кийин үйгө мен тааныбаган эле адамдар келип, азык-түлүк жактан жардамдаша башташты. Көрсө, күйөөм өз учурунда аларга жардам берген экен. Бүгүнкү күнгө чейин анын жасап кеткен иштеринин үзүрүн көрүп жатам.

“Музыкалык аспаптардын биринде ойноону үйрөнө албай калдым

- Көп аялдар музыкага кызыгышат эмеспи. Мектепте окуп жүргөндө атам мага пианино сатып берген. Мен эрте төрөп, пианинодо ойноону үйрөнө албай калдым. Бирок улуу кызым музыкалык мектепти бүтүрдү.

Мен динге берилген адам эмесмин, бирок Кудай бар экенин жүрөгүмдөн сезем. Ал мага жардам берип турат. Адам эң жакын адамын жоготкондо, башына кыйынчылыктар түшкөндө Кудайга ишене баштайт.

"Максатым – үй-бүлөлүк зомбулук жана кыйноолор менен күрөшүү"

- Мен негизинен аялдардын жана балдардын укуктарын коргойм. Жалгыз бой кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан аялдарга өз тажрыйбамдан бөлүшүп, "кыйынчылыктардын баарын жеңгиле" деп сунуштайт элем. Максатым – үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук жана кыйноолор менен күрөшүү. Биздин мамлекетте каада-салттар аялдардын укуктарын тебелеген учурлар да кездешет. Маалыматтын аздыгынан аялдар өз укуктарын коргой алышпайт. Көп учурда ата-энелер ажырашкандан кийин балдар жалгыз калышып, аталары жоопкерчиликти өз моюнуна алышпайт. Ушул маселеге олуттуу көңүл бурууну милдетим деп билем. Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын жардамчысы болуп жүрүп бул көйгөйлөрдү чечүү жолдору жөнүндө көп ойлондум.

"Лидер - ар дайым жоопкерчиликти алууга даяр адам"

- Нукура лидер максатына умтулуп, жашоосун туура пландап, ар дайым жоопкерчиликти моюнга алууга даяр болушу керек. Тилекке каршы, азыр мындай адамдар аз. Биринчиден, лидер - элдин өкүлү. Ал элди алдыга сүйрөшү керек. Лидерде ыймандуулук жана билимдүүлүк сапаттары болушу зарыл. Ушул сапаттарды өзүмдө өнүктүрүп жатам. Азыр 40 жаш курагымда экономист кесиби боюнча экинчи жогорку билимди алып жатам. Буга баары таң калышат. Бирок мен аларга “эгер билимимди жогорулатпасам, балдарым да муну кылышпайт” деп жооп берем, анткени мен балдарым үчүн үлгү болгум келет.

Бүгүнкү күндө күйөөмдүн жумушун улантып жатам. Тоскоолдуктарды жеңип өтөм, багытымдан кайтпайм. Күйөөм менин жашоомдо чоң из калтырды. Менин ийгилигим аны менен тыгыз байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur-patriot
2015-08-21 09:39:50
бул айым белгилүү дунган Рахим Халиковдун жубайы. Аны бакиевдин адамдары атып кетишкен болчу
-1
ayima_a
2015-08-21 14:41:13
эже ишинизге ийгилик,сиздей патриот айымдар кобойо берсин.уйдогу зомбулуктан канча омурлор кыйылып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан