Токтобүбү Ашымбаева, министрдин орун басары: "Быйыл билим берүүнүн сапатын көтөрө турган жаңылыктар болот"

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Маданият үйүндө өткөн Чүй облусунун мугалимдеринин салтка айланган август кеңешмесинде жаңы окуу жылына даярдыктар, билим берүүнүн сапатын көтөрүү багытындагы ойлор талкууланды.

Чүй облусунда 323 жалпы билим берүү мекемеси бар. Жаңы типтеги мектептердин саны – 26, жалпы билим берүүчү мектептер - 230, толук эмес орто мектептер - 23, башталгыч мектептер - 10, атайын көмөкчү мектептер - 1, жатак-мектептер - 12, жеке менчик мектептер - 21, мектептен тышкаркы уюмдар - 11. Долбоорлук сыйымдуулугу 146 377 окуучу орунга ылайыкташтырылган мектептерде 148 332 окуучу билим алат.

161 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 129у - муниципалдык, жетөө - ведомстволук, 25и - жеке менчик. Анда 18 721 бала тарбияланууда. Облус боюнча мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камсыз кылуу 41 пайызды түзөт. 2015-2016-окуу жылында Сары-Өзөндүн мектептерине 1-класска болжол менен 15 799 бала кабыл алынмакчы.

"Быйылкы окуу жылында билим берүү сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзө турган бир нече жаңылыктар болот. 1-сентябрдан тарта 480 сааттык башталгыч мектепке даярдоо программасы киргизилет. Буга чейин мектепке даярдык 240 саатты түзүп келген. Албетте, ал сааттар жетишсиз эле. Эми балдар бир жылдык мектепке даярдыктан өтүшсө, мектепке келгенде баарынын базалык даярдыгы, старттык мүмкүнчүлүгү бирдей болуп, сабакты өздөштүрүү деңгээли бирдей болот деген ишеничтебиз. Мектепке чейинки даярдык бир программанын негизинде жүргүзүлмөкчү. Минтип башталгыч билим алууга маани берип жатканыбыз, башталгыч класс - билим алуунун пайдубалы. 

Мугалимдерди сүйүнтө турган экинчи жаңылык - айлык акы көтөрүлүп жатат. Муну билим берүү тармагына камкордук катары карасак болот. Себеби мектептеги билим сапаты мугалимдин кесиптик тажрыйбасынан, билим деңгээлинен, адамгерчилик сапатынан көз каранды. Биз мугалимден билим сапатын талап кылуудан мурда алардын эмгек акысын көтөрүүгө тийишпиз. Ошондой эле мектеп формасына бирдиктүү талап киргизилип жатат. Ата-энелер муну түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойбуз, себеби бул социалдык маселе.

Билим берүү стандарты өзгөрүп, толукталып турушу керек. Китеп тартыштыгы да жолго коюлуп жатат. 1 миллион 200 миң сомдук китептер мектептерге жеткирилди. Электрондук ресурстар кеңири пайдаланылууда. Мектептер берген маалыматка ылайык, азыр 2340 мугалим жетишпейт. Быйыл бюджеттик негизде окуп, жогорку окуу жайларын бүтүп жаткан 1884 бүтүрүүчү жер-жерлерге бөлүндү. Келишимдик негизде бүткөндөрдүн да мектептерге орношууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Сентябрдын онунда кадрлар менен канчалык камсыз болгонубузду айта алабыз",- деди билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

"Элде “билимдүүгө дүйнө жарык” деген кеп бар. 21-кылым - билимдин, илимдин, жаңы технологиялардын, инновациянын кылымы" деген юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти Жылдыз Ниязова буларга токтолду: 

"Бүгүн адамзаттын алдында чоң, глобалдуу көйгөйлөр турат. Айталы, газ, мунай байлыгы эртеби-кечпи түгөнөт. Демек, бүгүн энергиянын жаңы булактарын табуу күн тартибинде турат. Бул илимий иликтөөлөрдү жана инновацияны талап кылат. Кыргыз мамлекети Түштүк Корея же Азия каржылык борбору болуп калган Сингапур сыяктуу өнүгүп бараткан өлкөлөргө көз кырын салып, андан үйрөнүү керек. Себеби ал өлкөлөрдө да Кыргыз Республикасы сыяктуу эле мунайдын кору жок, бирок бул жагдай алардын өнүгүшүнө жолтоо болгон жок. Бизде да дал ошондой эле мүмкүнчүлүктөр бар деген ойдомун. Айталы, 1991-жылдан кийин кризиске тушуккан кыргыз өлкөсүндөгү билим берүү системинин бүгүн жаңы деми башталды. Бул абдан кубанычтуу. 

Ата-энелер интеллектуалдуу эмгек ар дайым бардык өлкөлөрдө жогору баалана турганын түшүнүп калышты. Балдарга жакшы билим берүүгө умтулуп жатышат. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогору упай алган балдар анын айкын мисалы. Акыркы мезгилде билим берүүнүн бардык деңгээлине көбүрөөк көңүл бура башташты. Президент Алмазбек Атамбаев билим берүүдөгү либералдаштырууну колдоп гана тим болбостон, ал идеяларды ашырууга жардам берүүдө. Билим берүү тармагында жеке билим берүү мекемелеринин ачылышы атаандаштыкты пайда кылууда. Бул ата-энелерге, жаштарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Окуу - билим азыгы, билим - ырыс азыгы. Бул элдик накыл сөз чечмелөөгө муктаж эмес".

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын 4 этабына Чүй облусунан 34 окуучу катышып, алар 12 байгелүү орун алып келишкен. Бул өткөн 2013-2014-окуу жылына салыштырмалуу 5 орунга көп. Дубан боюнча тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 116 баллды түзөт. Бул көрсөткүч 2013-2014-окуу жылындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 9 баллга жогору. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 2 бүтүрүүчү алтын сертификатка жана 2 бүтүрүүчү шыктандыруучу сертификатка ээ болушкан. 2014-2015-окуу жылында орто билими тууралуу өзгөчө аттестатка Чүй облусунан 34 бүтүрүүчүсү татыктуу болушкан. Бул көрсөткүч былтыркы окуу жылына салыштырмалуу 12 окуучуга көп.

 

 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан