23-августта саат 18:00дө Бишкек шаарындагы “Бишкек-Парк” соода борборунда Хилис дөңгөлөктүү кроссовкасы жана кеда менен жүрүү боюнча үйрөтүүлөр болот. Иш-чараны аталган багыт боюнча Европанын мыкты адиси Федор Мартынов өткөрүп, мастер-класс көрсөтөт. Каалоочулар дөңгөлөктүү бут кийимдерди кийип, акысыз тебе алышат.
Уюштуруучулардын айтымдарында, иш-чаранын максаты - жаштардын жана өспүрүмдөрдүн арасында дөңгөлөктүү кроссовка менен жүрүүнү өнүктүрүү жана жайылтуу. Мындан тышкары балдар үчүн жайкы мезгилде активдүү убакыт өткөрүүнү жана кызыктуу эс алууну уюштуруу.
"Хилис дөңгөлөктүү кроссовкасы жана кеда – арткы бөлүгүндө дөңгөлөк үчүн атайын орун жайгашкан бут кийим. Аны ар кайсы мезгилде, ар кайсы жерде кийүүгө мүмкүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Хилис дөңгөлөктүү кроссовкалары жана кедалар велосипед тебүүдөн 39 эсе, скутер тебүүдөн 9 эсе, скейтборд тебүүдөн 24 эсе коопсуз",- дешет адистер.
Алар дөңгөлөктүү бут кийим менен түз жолдо гана жүрүү зарыл экенин баса белгилешти. "Астыңыздан чуңкурду байкап калсаңыз, андан жөн эле аттап өтүп, жолуңузду уланта берсеңиз болот. Эгер кардын, суунун же кумдун үстүндө жүрбөсөңүз, дөңгөлөктүн жабдуулары узак мөөнөткө кызмат кылып берет.
Эгер сиз эч качан ролик, скейтборд же коньки теппесеңиз, Хилис дөңгөлөктүү бут кийими менен жүрүү үчүн тең салмакты жана туруктуулукту сезүүгө 5-15 мүнөт жетиштүү. Башында имараттын ичинде машыгуу керек. Ал эми тез ылдамдыкта жүрүүнү, бийиктиктен түшүүнү жана арты менен алдыга тебүүнү 3 күндөн бир нече айга чейинки мөөнөттө үйрөнө аласыздар",- деп кеңеш беришет адистер.
Дөңгөлөктүү кроссовкаларды Бишкек шаарындагы төмөнкү дүкөндөрдөн таба аласыздар:
1) Чүй кең көчөсү, 147.
"Балдар дүйнөсү" ("Детский мир") соода үйү, 1-кабат, чыгыш тарабында.
Байланыш телефону: +996 312 62-39-84
Дүкөн дем алышсыз саат 10:00дөн 19:30га чейин иштейт, танаписи жок.
2) Киев көчөсү, 148.
"Бишкек-Парк" соода борбору, 0-кабат.
Байланыш телефону: +996 312 97-97-09
Дүкөн дем алышсыз саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштейт, танаписи жок.
3) Юнусалиев көчөсү, 177/2
"Бета Сторес-2" соода үйү, 1-кабат, №20-бутик.
Байланыш телефону: +996 312 97-97-09
Дүкөн дем алышсыз саат 12:00дөн 21:00гө чейин иштейт, танаписи жок.
Интернет-дүкөн: heelys.kg