Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулган дагы эки курулушту сүрдүрдү

Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти 26-августта шаардын Көкчө-Тоо көчөсү-285-А жана Көкчө-Тоо көчөсү-218-А даректеринде тургузулган темир-бетон тосмолорун сүрдүрдү.

Маалыматка таянсак, С.Осмонов аттуу жаран капиталдык тосмо куруп, өзүнүн жер тилкесин көчөнү көздөй 14 метрге чоңойтуп алган. Ал эми дагы бир үйдүн ээси Б.Өмүрбаева дал ушундай жол менен көчөгө тосмо тургузуп, өзүнүн жерин 12,4 метрге кеңейтип алган. Жыйынтыгында жогоруда аталган жарандар КРнын Административдик кодексинин “муниципалдык жердин эсебинен өзүнүн жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтүү” беренесин бузушканы маалымдалды. Биринчи Май райондук сотунун чыгарган токтому менен аталган үй ээлерине 10 миң сомдон айып пул салынып, муниципалдык жерди мурдагы калыбына келтирүү чемими чыгарылды. Жер тилкеси калыбына келтирилди.  


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AykaMer
2015-08-27 18:34:50
Кызыл-кыя шаарына да келип мыйзамсыз тосулган тосмолорду алып таштаса жакшы болмок... Анткени этаж уйлордун жанын тосуп дарбаза коюп алгандар бар,баня куруп алгандар да бар. Андан коро ошол жерлерге детский площадка куруп,бак тиксе жакшы да...
+1
boston___
2015-08-28 11:09:15
AykaMer, элдик кабарга жиберсениз тартып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан