Бишкекте "World Of Tanks" компьютердик оюну боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт

Бишкекте 5-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "World Of Tanks" ("Танктар дүйнөсү") компьютердик оюну боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт. Баш байгеси 600 000 сомду түзгөн финалдык мелдешке эң күчтүү 4 команда катышмакчы. Мындан тышкары бардык каалоочулар катышып таймашышса болот, жеңүүчү Москвада өтүүчү Эл аралык "Игромир" жана "Comic Con Russia" көргөзмөлөрүнө катышууга жолдомо утат. Эскерте кетсек, чемпиондуктун айыгышкан мүнөздөгү тандоо турларына өлкөнүн мыкты "танкчылары" катышкан эле. 
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын колдоосу астында өткөрүлөт. Мелдешти көрүүгө келген катышуучулар толук калыбына келтирилген Т-34-85 танкын жанынан көрө алышат. Техникага Башкы штабдын реставраторлорунун зор эмгеги жана "Баарын эстейбиз" глобалдык демилгесинин колдоосу менен экинчи өмүр тартууланды. Быйыл 9-Майда мааракелик парадга катышкан легендарлуу танк тарыхый экспонат катары кызмат кылууда. 
Мындан тышкары иш-чара өткөн аймакка аскердик ашкана уюштурулары айтылды. Ал эми Спорт Ордосунун фойесинде Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы куралдар көргөзмөгө коюлмакчы. Балдар үчүн да атайын аниматорлор тарабынан иш-чаралар уюштурулат. Мелдештин өзгөчө коноктору - Сергей Карапетян "Vspishka" жана Дмитрий Репин "de1uxe". 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Altyn198
2015-08-31 11:54:41
Мен Кыргызстанда болгонумда качышат элем
+1
samar55
2015-08-31 13:07:59
Эх ото окунучтуу мен крда болсом созсуз катышмакмын .Мен бул оюнду 4 жылдан бери ойноп келем... ....ийгилик катышуучуларга.ALEXP2121.
+1
NARYNGRAD
2015-08-31 13:20:22
Менда буюрса барам, ИС-3 жана СТ-1 менен кыл чайнашкан кармашка чыгам.
+1
aydarov...
2015-08-31 13:31:57
В бою. Менин атым kyrgyzeldar
+1
Altyn198
2015-08-31 16:33:30
aydarov..., меники baxa198080
+1
GreenTown_ZORO
2015-08-31 13:52:33
Dota 2 болгондо бармакмын.
+1
adiko2015
2015-08-31 14:54:53
Мен дагы отто катту кызыгам ушул оюнга мен дагыкаттышкым келтат
+1
eldar96
2015-08-31 17:33:11
Мен PESS болгондо катышат элем, тилеке каршы бул оюн менен анча тааныштыгым дагы жок жана ойной албайт экем.
+1
Ronaldo
2015-08-31 18:18:23
kyrgyzjest кошуп койгула.
+1
http
2015-08-31 19:17:16
patryotkg чакыруу таштагыла
0
sher.ella
2015-08-31 19:53:09
Кыргызстанда болгонумда катышат элем
0
bolsunalban
2015-08-31 20:24:37
Окунучтуу..кр-да болгондо катышмакмын,
0
Sizge.kat
2015-08-31 21:05:55
Онлайн танк откорулсо соонун болот эле качан откорулоор болду экен
0
Mamat_ele
2015-08-31 23:36:26
кылганы башка пайдалуу иш калбай калдыбы не ?
-3
jibek.shami
2015-09-01 21:21:18
меники shami2013 чакыруу жоноткуло мен 3 жылдан бери ойнойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан