КСДПнын Саясий кеңеши бүгүн, 31-августта мамлекетибиздин жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, ардактуу мекендештер! 31-Август – Эгемендүүлүк күнү менен баарыңыздарды куттуктайбыз! Биз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу аркылуу мамлекеттүүлүгүбүздүн боосун бекемдеп, эгемендигин чыңдап жатабыз. Биз аймакта эркин, туруктуу мамлекеттин пайдубалын түптөдүк.
Бири-бирибизге тирек болуп, жакшыбызды арттыралы! Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз! Жашасын эркин жана бакубат Кыргыз Республикасы!"